Мындан 47 жыл мурун, 1970-жылдын 20-май күнү Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чымкент айылында туулган. 1993-жылы К.А.Тимирязев атындагы Москва Айыл чарба академиясын бүтүргөн. 2005-жылы Эл чарба академиясынын Жогорку каржы менеджменти мектебинен, ал эми 2009-жылы КРнын Өкмөтүнө караштуу Юридикалык академиядан билим алган.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси ченине ээ. Аймактык билим берүүгө кошкон меценаттык эмгеги үчүн атайын медаль менен сыйланган. "КМШ өлкөлөрүндөгү жыл тандоосу" долбоору боюнча "2004-жылдын бизнесмени" болуп аныкталган.
Эмгек жолу:
1988-1999-жылдары - "Шымкентнефтеосинтездин" ыйгарым укуктуу өкүлү;
1995-1998-жылдары - "Арлан" ишканасынын директору;
1999-2000-жылдары - "Мунай" ишканасынын башкы директорунун орун басары;
2000-2004-жылдары - "Кыргызпахта" ишканасынын директору;
2004-2005-жылдары - "Мунай Мырза" директорлор кеңешинин мүчөсү;
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2008-жылы - "Мунай Мырза Инвест" директорлор кеңешинин төрагасы;
01-10.2009-жылы - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри;
2009-2010-жылдары - "Мунай Мырза Инвест" директорлор кеңешинин төрагасы;
01-10.2010-жылы - "Кыргызстан" банкынын директорлор кеңешинин төрагасы;
12.2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
17.12.2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри;
22.12.2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп, 2012-жылдын 1-сентябрында кызматынан кеткен;
2015-жылдын 29-октябрынан тарта Жогорку Кеңештин депутаты.