Аида Салянованын соту 29-майга жылдырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум 29-майга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын адвокаты Улан Жумаков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 22-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Салянованын иши боюнча сот отуруму болору айтылган. "Сот отуруму кайсы күнгө дайындалганы башында белгисиз болгон. Кийин сот 29-майга саат 14:00гө жылдырылганы белгилүү болду", - деди Жумаков.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

2017-жылдын 21-апрелинде Аида Салянова өзүнө ачылган кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирген. "Төрт айдан ашык убакытта менин күнөөмдүн бир дагы далили табылган жок. Тескерисинче, чогулган материалдар менин кыймыл-аракетим мыйзамга ылайык болгонун, Юстиция министрлигинин он жылдаган тажрыйбасында бул мыйзамдуу көрүнүш болуп келгенин тастыктады. Катардагы адистен баштап министрдин орун басарына чейин лицензияны жандандырууда мыйзам бузуу болгон эмес дегенине карабай, саясий буйрукту кынтыксыз аткарышууда", - деген Салянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан