КҮНСЕРЕП: Эли жыргаса, анан Ажосу ырдаса...

Бүгүн, 22-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин пиарчылары акыркы күндөрү кырсык тооруган Кыргыз өлкөсүн жагымдуу кабар менен кубанткысы келди көрүнөт, дем алыш күндөрү бир эмес эки кабарды маалымат айдыңына жайылтуу менен алек болушту. Биринчисинде өлкө башчысы энесине арнап ыр аткарып чыкты. Ыр менен кошо клип дагы жарыяланып, оюлган-тешилген жолдордон тажап бүткөн эл ажонун Арашан айылынын жолу керемет экенине күбө болду. Бул ажонун ырчылык таланты ачылгандан берки алтынчы ыры.

Бийликтин пиарчылары интернет ааламына жайылтып, коомчулуктан кошумча упай алууга аракет кылышкан экинчи жаңылык өлкө башчысынын кызы жана күйөө баласына байланыштуу болду. Мамлекет башчынын кызы Алия Шагиева катардагы бишкектиктердей, жан сакчыларсыз уулу жана күйөөсү экөө көчөдө жүргөнү, улуттук суусундук ичип отурганы тууралуу кабар ММКларда кеңири чагылдырылып, интернеттеги социалдык тармактарга жайылтылып, кызуу талкуу жаратууга аракет көрүлдү. Кадрга УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери илинбегени үчүн эле өлкө башчынын балдары катардагы карапайым элге окшоп калбайт, тилекке каршы. Эл мындайга ишениш үчүн ириде ал балдардын президент, премьер же спикер аталары артынан 4-5 машиналап жан сакчы ээрчитип жүргөндү, күн сайын жумушка бара жаткан элди жүдөтүп жумушка, мектепке, бала бакчага кечиктирип жол тостурганды токтотуулары керек...

Акыркы 3 жылдын ичинде эле өлкөдө 20 053 жол кырсыгы катталып, 3020 адамдын өмүрүн алып кетти. Орто эсепте алганда күн сайын 18 жол кырсыгы катталып, 2-3 адам каза таап жатат. Бул көрүнүштөрдү токтотуу максатында Бишкекте жарандык активисттер жол кырсыгында каза тапкан маркумдарды эскерип, #ҮнүбүзЖетишҮчүнҮнКатпайбыз аталышында жөө жүрүш өткөргөнү жатышат. Кырсыктардан тышкары деле жашоо-шарт оңолуп кеткен жок. Айына эң үнөмдүү жашаш үчүн бир адамга 4600 сом керектелген бүгүнкү заманда 3 миң сомдун тегерегинде пенсия алып жашап жаткандар бар.

Оппоненттерине ар кандай шылтоолор менен кылмыш ишин ачуу, бийликке көз карандысыз эркин массалык маалымат каражаттарын көп миллиондук доолорго жыгуу аракети, табигый кырсыктар, алардын алдын алуудагы чабалдык, көп катмарлуу сырларга катылган Боинг кырсыгы, жаш балдардын улам бир жол кырсыгында дөңгөлөк астында калуулары, дегеле азайбай, тескерисинче күчөгөн жол кырсыктары, шарты жоктугунан улам көчө албай көчкү астында калып, ошол өлүмү менен бийликтин булутсуз асманын булгаган маркумдар... Акыркы күндөрү маалымат айдыңы мына ушундай кабарларга толуп кетти. Өлкө башчысынын пиарчылары жакшы кабарга муктаж болгон элди президенттин ыры жана президенттин кызы менен алаксыткылары келди көрүнөт. Бирок мындай жеңил-желпи, жасалма пиар менен ажонун төмөндөп кеткен саясий рейтинги көтөрүлбөйт...

Өкмөт калкты турак жайды камсыздандыруу керектүү иш экенине ынандыра албай жатат. “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоору 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирген. 2015-жылы 50 миллион сомдук уставдык капитал менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөн. Өлкөдө табигый кырсыктар көбөйүп, үй-жайсыз калган жарандар менен жолугушууларда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков турак жайды камсыздандыруу боюнча жеке өзү үгүт иштерин жүргүзө баштады. Аймактарды кыдырып келген соң өкмөттүк чукул жыйын өткөрүп, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишин сындап, жетекчисин жумуштан айдады. Бөрк ал десе баш алган аймактардагы чиновниктерге өкмөт башчынын бул аракеттери катаал талап болуп көрүнгөн сыяктуу. Балким, көшөгө артында ошондой буйрук берилгендир, айтор, бюджеттик мекемелердин жетекчилери кол алдындагы кызматкерлерди турак жайын камсыздандырууга мажбурлап жатышкандыгы тууралуу маалымат "Элдик кабарга" келип түштү. Таластын Бакай-Ата райондук ооруканасынын жетекчиси кызматкерлерди чогултуп, бир күндүн ичинде үйүңөрдү камсыздандыруудан өткөрүп келгиле деп тапшырма бергенин айтат, окурман. Күтүлгөндөй эле оорукананын жетекчиси кызматкерлерге андай тапшырма бербегенин айтып, “болгону үйүңөрдү камсыздандырып койгула деп сунуштап жатам”, - деп жооп узатты.

Бийлик кандай “гениалдуу” аракетти баштабасын, талап кылуу биринчи кезекте бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден башталат. Мейли ал референдумга келип добуш берүү болсун, мейли ал биометрикалык маалыматтарды тапшыруу болсун, мейли ал шайлоо болсун. Учурунда Улуттук университеттин студенттерин мугалимдери менен кошо топ-тобу менен “айдап” барып Акаевдин кызы Бермет Акаева Жогорку Кеңешке депутаттыкка өткөн. Ушундай эле көрүнүш учурдагы бийлик калктын биометрикалык маалыматтарын чогултканында байкалды. Эми ушул эле ыкма турак жайды камсыздандырууга колдонулуп жатат. Колду кайрып мажбурлабаса деле эл өзүнө керектүү ишти колдойт. Болгону эл алдана берип жалкып калган. Үйлөрдү камсыздандырууга да ошентип “эртең булар акчабызды жеп кетишет” деген ишенбестик менен карап турушат...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан