Иркутск шаарында 22 жаштагы Айзирек дайынсыз жоголду. Полиция аны издөөгө алды

Орусиянын Иркутск шаарында 1995-жылы туулган Кыргыз жараны Рахман кызы Айзирек изделүүдө. Бул тууралуу Орусиянын ИИМинин Иркутск облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-май күнү жергиликтүү полиция бөлүмүнө Рахман кызы Айзиректин дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Кыз Иркутск шаарында Карл Либкнехт көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган.

"Бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү кара. Ошол күнү көк түстөгү жоолук, жашыл түстөгү күрмө, күрмөнүн ичинен кара кофта, кара юбка, ак бут кийим кийип жүргөн"

Эгер Рахман кызы Айзиректи көрүп-билгендер болсо, (3952) 21-69-40, 89246387400, 21-64-64 же 02 телефон номурлары аркылуу "Иркутское" полиция бөлүмүнө кабарлап койсоңуздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Elime
2017-05-23 09:45:10
Тынч аман табылып калсын...
+10
Edik_86
2017-05-23 10:12:34
жаш кыз экен алданып сирияга кетип калып журбосун
-6
meni_kut
2017-05-23 13:39:49
Edik_86,Полиция издоо баштаганда текшерет,границадан чыкканда компютерге данныйы тушот.Кичине ойлонуп жазчы.

+1
arzygulR
2017-05-23 11:51:18
Эсен аман табылып калсын
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан