Ысык-Көлдө бөтөлкөлөшүн мууздады деп шектелип 58 жаштагы адам кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол-Пристань шаарчасында 58 жаштагы адам бөтөлкөлөшүнүн өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG`ге билдиришти.

"18-майда Каракол-Пристань шаарчасында моюну курч нерсе менен мууздалган белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Ал 1979-жылы төрөлгөн жергиликтүү тургун болуп чыккан. Кийин изилдөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда соттолгон 58 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кармалып, кылмышты толугу менен моюнуна алган.

Ал спирттик ичимдиктерди ичип отурушканда ортодо пикир келишпестик пайда болуп, бөтөлкөлөшүнүн моюнуна туштап бычак менен сайып алганын, анын мерт болгонун байкаган соң окуя болгон жерден качып кеткенин айткан", - деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле маалыматта, учурда шектүү Каракол шаарында убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lakyas
2017-05-23 17:36:24
Мына ботолконун кесепети.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан