super.kg logo

Көзүнө жаш алган Анжелика: "Айчүрөк эженин уулу Арген апасы үчүн кечирим сураган"

 

10:15. Бүгүн, 24-майда саат 10:00дө ырчы Анжелика менен түз эфирде маектешүү пландалган. Маекке Айчүрөк Иманалиева да чакырылган. Бирок ырчы айым бүгүнкү түз эфирге келүүдөн баш тартты.

Учурда SUPER.KG`нин алып баруучусу Таттыбүбү Садырбекова түз эфирдеги маегин баштады. Ал эми күтүлүп жаткан конок, ырчы Анжелика кечигүүдө.

10:20. Алып баруучу ырчыга көптөгөн суроолор келип жатканын айтууда. Суроолорду WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибере аласыз. Ошондой эле "Соңку кабар" аркылуу да ушул эле теманын ылдыйына комментарий калтырып, сизди кызыктырган суроолоруңузга жооп алсаңыздар болот.

10:25. Анжелика менен Дайыр Исмадияров аткарган "Кызыл гүлүм, ай" ыры жаӊырды.

10:30. Анжеликанын "Тилеп келем" ыры аткарылды. Ырчы түз эфирге дале келе элек.

10:32. Алып баруучу ырчы байланышка чыгып, күйөрмандарынан кечирим сураганын, 10-15 мүнөттө келип каларын билдиргенин айтты.

10:40. Анжелика келери менен түз эфир кайрадан башталат.

11:05. Ырчы SUPER.KG`нин кеӊсесине келди. Түз эфир башталды.

11:10. "Махабат көлү" ырына байланыштуу суроолорго жооп берүүдө.

"Бул ырды жолдошум жакшы көрүп, кыӊылдап ырдап жүрчү. Ырды жаздырардын алдында авторун издедим, көп адамдардан сураштырдым. Айчүрөк эженин ырдаганын уккан эмесмин. Көрсө, мен төрөлгөн кезде ырдап чыккан экен. Ал нерсени билбегеним үчүн кечирим сурайм.

Эже мага жаздырып берген ырлары үчүн бардык акчалар эсептелип, төлөнүп берилген", - дейт ырчы.

11:15. "Эже өзү кетирген эмгектерин акча менен эсептеп алганы үчүн, акча менен эсептешүүгө туура келип жатат. Душманга каалабаган нерселерди айтса да, мен Айчүрөк эжени жакшы көрөм", - дейт ырчы Анжелика.

Айчүрөк Иманалиевага болгон кол салуу боюнча суроого жооп узатып жатат.

11:17. "Менден башка деле душмандары бар. Бул боюнча күнөөлүү балдар кармалган. Алар кармалганда эже экөөбүз сүйлөшүп, "элдер экөөбүздү уруштурду, эмнеге бирөөлөргө ушундай болушуна жол бердик" деп бири-бирибизди кучактап алып ыйлаганбыз. Кийин мага да кол салуу болгон. Анын баары артта калды. Учурунда эже экөөбүз сүйлөшүп, чечишип алган элек".

11:20. "Каза болуп калган адамды, качып кеткен адамды бул ишке байланыштырыптыр. Алгач мен өспүрүм куракта улуу адам менен мени кандай максатта тааныштырды эле деген суроо берип көрсөк. Муктар байке адептүү, ыймандуу экен. Карындашымдын чыгармачылыгына жардам берем деп Айчүрөк эжеге жардам берип жүрчү. Мен билгенден эженин жакын досу болуп, Орусияга болгон гастролдорду каржылап, колдоо көрсөтүп турчу.

11:23. Анын мага болгон сүйүү сезимдерин, мамилесин да билчү эмесмин. Бул айтылган сөздөр боюнча Назми эже менен да сүйлөштүм. Назми эже: "Ооба, телефондо сүйлөшүп турганыӊды көрүп, Айчүрөк эже экөөбүз чоӊ адамдай сүйлөшүп жатат" дегенбиз дейт. Болгону ошол. Бул боюнча да кенен маалымат берилет".

11:25. "Мени турмушка бекем кылып, баарына чыдамкай болууга үйрөткөн Айчүрөк эже. Ал турмушта ар кандай кырдаалдар болушу мүмкүн экенин айтып, баарына даяр болууга үйрөткөн. Андыктан ага ыраазычылык билдирем.

Бирок кээде Айчүрөк эже мени товар катары колдонгонбу дейм".

Сүрөткө түшүү боюнча берилген суроого жооп:

11:30. "Жолдошума сүрөткө түшкөн такыр жакпайт, бирок мени жакшы көргөнү үчүн түшөт. Башында кечке эле сүрөткө түшө бересиӊби" деп жактырчу эмес. Кийинчерээк сүрөткө түшүү жакшы экенин, жагымдуу учурларды сактап каларын түшүнүп, акырын өзү байкатпай тарта баштады".

11:40. "Айчүрөк эжени сотко бересизби, кандай айыптоолорду коёсуз?" деген суроого жооп:

"Бул нерсени убакыт көрсөтөт. Мындай абал ар бир адамдын башына келиши мүмкүн. Андыктан мен ойлойм баарына мыйзам чегинде айткан нерсесине жооп бериши керек. Мен бала кезимден көптөгөн кыйынчылыкты башымдан өткөргөм. Андыктан түз эфирге келген себебим - болгон суроолорго ачык жооп берүү. Эжеге жаман сөз айтпайм, аны сыйлайм".

11:45. "Учурда Айжан Газиева экөөбүз жаштарды тарбиялап жатабыз. Алар ийгиликтүү болуп чыга келсе, аларга эч качан "мен өстүргөм, мен чыгаргам" деп айтпайм. Себеби бул нерсени өзүм башымдан өткөрүп жатам. Учурда бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп жатам, пландар көп".

Суроо кайра эле Айчүрөк Иманалиевага болгон кол салуу боюнча болду.

11:50. "Бир нерсени айтуудан мурда далил болушу керек. Мен кол салганым тууралуу далил барбы? Мен эженин ыраазычылыгы үчүн дайыма жардам берип келем. Мен турмушка чыкканда "сени өмүр бою бактым, эми сен мени бак" дегенде жолдошум жок дебей, болушунча колунан келген жардамын берип келе жатат.

Ырларын сатып алгандан сырткары, канчалаган дүкөн, сулуулук салонун ачканда эжени сый конок катары чакырдым. "Сиз үчүн эшигибиз ачык, бул сиздин салон" деп сыйладык. Болгон сыйыбызды көрсөтүп, кызмат көрсөтүп келебиз. Бул нерсени эже да, үй-бүлөсү да жакшы билет".

11:55. "Дайыма мени тынч койчу дей берет. Мен ал эжеге эч нерсе кылган жокмун. Кайра эле өзү асылып, баарын өзү баштайт.

Бир жолу уулу Арген сүйлөшкөн кызы менен кетип баратыптыр. Аны көрүп абдан кубандым, себеби экөөбүз бир туугандай бирге чоӊойгонбуз. Кучактап ыйлап, экөөбүз көпкө сүйлөшкөнбүз. Сүйлөшкөн кызыӊа үлпөт көйнөк менден деп ал үчүн кубангам. Арген ошондо апасы үчүн аябай кечирим сураган", - дейт ырчы көзүнө жаш ала.

Айчүрөк Иманалиеванын "Анжелика Швейцарияга "Камбаркан" оркестри менен Бакиев Адыл Салиевич жана анын Айбек деген оң колу менен чогуу кеткен" дегени тууралуу.

12:05. "Швейцарияга кандай барып келгенибиз тууралуу көпчүлүгү билет, күбөлөр да бар. Анда Айчүрөк эже жолдошума СМС жазган "Анжеликаны улуу кишилер менен жибере бересиӊби" деп. Жолдошум "Ооба, кандай адамдар менен бара жатканын билем. Барып келсин" деген жооп узаткан", - дейт ырчы.

12:15. "Кептин баары акчада эмес, сөздө эмес, адамдын жан дүйнөсүндө. Ар дайым чын сүйлөш керек. Чындыктын жолу бир. Аны башкача айта албайбыз. Ар бир адамдын жакшы жагын алып, жашоонун жакшы жагын байкоого аракет кылалы. Чындык сен тарапта болсо да, кечирим сурап койсоӊ, оозуӊ кыйшыйып калбайт. Андыктан кечиримдүү болуу зарыл. Ар бир жасалган жакшылыкты бирөө үчүн эмес, Кудай үчүн кылсак".


кошулду


Ырчы Анжелика: “Айчүрөк эжеден ырларымды 200 миң сомго сатып алгам”

Автор: Таттыбүбү Садырбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(234)
24.05.2017. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
04-11-2016
Соӊку аракети:
29-09-2018 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айчурок бироонун абийирин ачканы эле даяр турат коркутуп. Озунун абийирин ким ачат? 17-жашында никесиз тороп коюп озунун фамилиясын берип жургон го. Уулунун атасы мойнуна албай койсо да ар кандай создорду чыгарган. Анын аялы жакшы экен жолдошумдан эмес деп трибунага чыкпаган. Айчурок чырдан рахат алат да.
Super TV
24.05.2017. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
07-05-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 19:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыскасын айтканда,сен Айчуроко керек эмес эсен,Айчурок сага керек болгон.
24.05.2017. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
360
Катталган:
05-01-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 19:46
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уялгылачы айчурок Анжелика жон жаткан Муктар байкеме тийишпей
24.05.2017. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
23-10-2015
Соӊку аракети:
30-05-2018 04:25
Жынысы:
Белгисиз
-1
Канчанчы минутасында ыйлаган жери
24.05.2017. 17:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
15-11-2018 19:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орустун батири
+3
Озу бул нерсенин баарын неге жазып чыкты Айчурок?
24.05.2017. 18:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
14-06-2017 14:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да,Анжелика куу кыз экен.мени ушул даражага жетишиме себеп болду эле деп,жарыя кылбай эле акырын бутурсо болмок.
24.05.2017. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
09-11-2018 19:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+4
Анжелика ото эле куу айлакер экен жузунон сезилет ХХХ .тообо 30га чыкпай атып биттин ичегисине суу куйат жашы 40-50 чыгып чон аял болгондо жон эле куйоосун сууга алпарып суугарбай келет. Адам акчага берилип мал дуйного бет башы мн азгырылып козун май басканда ушунтип калат ко. Анжелика деле азыр ошол кербези.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-25 09:45:56
24.05.2017. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-04-2017
Соӊку аракети:
30-08-2017 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок Иманалиева акча дегенде бут сатат ко чиркин,,,,!Анжеликага ичи куйуп атса керек ,,,
Super TV
24.05.2017. 19:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
11-11-2012
Соӊку аракети:
03-06-2018 19:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисине ишенээринди билбейсин,бир кудай эле билбесе,эмнеси болсо да ынтымакка келгенге аракет кылгыла.
Super TV
24.05.2017. 19:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
15-12-2015
Соӊку аракети:
18-08-2017 00:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эээ 89жыл эмес эле 94жылдары как гана айчурок эженин касетасын апкелип алып бийлейт элек го ушул жери калп болуп калды
Медиа-портал
24.05.2017. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
09-05-2012
Соӊку аракети:
17-08-2018 11:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
0
акырына чейин чыдап коро алган жокмун. Мактанчаак экенсин.Ушунчалык да кызыксыз суроо жооп болобу.
Модератор admin_media түзөттү 2017-05-25 10:01:08
24.05.2017. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
22-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:14
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжелика ушунча болду суротторуну азыраак жукто эми баркын дагы кетип калды
24.05.2017. 20:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 19:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай сайын кызык нерсе болот бизде, депутат айым менен журналист кыздын чыры буто элек жатса, эки ырчы айымдар минтип бет ачышып жатат.Уят,Урматуу кыргызымдын чырактары.
25.05.2017. 03:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 09:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Freemankg,кийинки Санда Айчурок кытайдагы кылыгы менен цирк жонундо айтса улана берет
25.05.2017. 09:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
793
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkeleim,Мухтар Омуракунов менен мамиледе болгонуна тан калып буто албай атам...
24.05.2017. 20:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-07-2014
Соӊку аракети:
09-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Синдим жакпайт жасалма дей берчу
24.05.2017. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-07-2014
Соӊку аракети:
09-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корсо чын эле кулуп туруп жайлап кете турган куу кыз экенда
24.05.2017. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-07-2014
Соӊку аракети:
09-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айчурок жок болгондо,кандай кундо журмоксунор, апан экоон бир Кудай билет.Ошон учун ичкен кудугуна тукурбо
24.05.2017. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-07-2014
Соӊку аракети:
09-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжелика жакчу,Айчурокту сабатканын уккандан кийин вообще жакпай калды
Медиа-портал
24.05.2017. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
26-04-2012
Соӊку аракети:
12-04-2018 19:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Менин жеке оюм боюнча Айчурок Эже чыр окшойт, ичи тардык адамды жейт. Баягы Гулнур эженин ырын ырдап алганда эле тунулгом, черновый вариантын эле жаздырып алып озуно, Гулнур эженин алдында уят болгон... как говорится очередной ичи тардык...
24.05.2017. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
09-11-2018 04:09
Жынысы:
Белгисиз
+8
Калпты катыра айткандар бир ирет айткан калпын жашырам деп экинчи, учунчу... ирет калп курай берип, оздорунун клоун болуп кеткенин байкабай калышат... Анжелика да ошолордун сап башында тургандардан.
Super TV
24.05.2017. 21:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
09-03-2012
Соӊку аракети:
11-10-2018 13:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика менен Айчурок эженин арасынан кандай создор отконун билбейм таптакыр эгерде Анжеликанын чынында куноосу болсо эмнеге Айчурок эже келип эл алдында оз оозу менен айтпайт эмнегеее?Анжелика ар бир созундо айтыпатат кечирим сурайм сыйлайм деп анан Улуу башы менен Айчурок эже да чекти билиш керек деп ойлойм
24.05.2017. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
652
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 15:41
Жынысы:
Белгисиз
0
менин комментарийлерим жок го
Медиа-портал
24.05.2017. 22:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
19-11-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:24
Жынысы:
Белгисиз
+9
жаны келгенде Айчурок эжени дагы чакырганбыз келген жок десе, олумуштонуп аааа э чакырдынар беле дегендеби, хотя мурдале прямой эфирге келбейт экен беттешмекпиз деп жазып атпады беле
24.05.2017. 22:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
02-05-2013
Соӊку аракети:
27-02-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика эч качан башынды жерге салба,коз чапкан сайын чыкпайт,сени жамандаган адам озу жаман
Super TV
24.05.2017. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
16-03-2017
Соӊку аракети:
05-03-2018 18:03
Жынысы:
Белгисиз
+7
жаман асылдынарго бул кызга. Тескеринче даш болсо да бир топ проекттерде иш алып бактылуу уй булонун куту болуп эмгектенип жатат. Ар бир адамда кемчилиги болот . Эки тарап та тен куноо бар болушу мумкун. Биз негизи кыргыздар жалкоо келебиз да анан сынамайга келгенде устабыз.
Super TV
24.05.2017. 23:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
17-10-2018 19:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Аллах сабыр берсин экоонорго
24.05.2017. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
04-02-2015
Соӊку аракети:
17-01-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика, алтыным чокпо. сен кыргыз элинин сыймыгысын! сенин оз куйормандарын бар. эч качан сынба.куйоонда азамат жигит экен. акылдуу адам эч качан бироого кылган жакшылыгын айтпайт.бул сапат сенде бар тилекке каршы башкаларда жок экен... сени жакшы коробуз! сен баё ,таза жансын. Сен элдин кызысын!
Super TV
25.05.2017. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
13-11-2018 16:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
0
Чынын айтканда азамат Анжелика 3 кыз ды багып жолдошунун ишенген жары болуп журот башка артистерге окшобой, Айчурокдун негизи ырын укчу эмесимн дагы дагы укпайм ал озун айабай сезет го дейм, Гулнур га да бир атакка койуду эле Гульнур жакшы бурап койгонго тынчып калды, эми кайра Анжеликага асылып баштадыбы? Анжелика азаматсын Эл суйлой берет кэрбен журо берет,ага конул бурба
Super TV
25.05.2017. 00:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
30-07-2012
Соӊку аракети:
05-09-2018 00:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат шаары
-2
Айчүрөк эжеге таң калам. Бир кездерде Динара Акулова менен да ыр талашып жүргөнүн уккан жайым бар эле. Анжеликага да ошол өнөрүн көргөзүп жатабы дейм да. Ырдын уругу куурап калгансып неге талашат?
Super TV
25.05.2017. 02:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 09:13
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ekoon ten diplomu jok artis ekensiner.U9t ele
Super TV
25.05.2017. 02:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
30-11-2016
Соӊку аракети:
01-07-2017 10:40
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсын баарын ачык айкын айтыпсын дагы эмне керек.Уят эле Айчурокту сыйлабай калдым.Уят эле Айчурок коралбастыктында чеги болуш керек
1
2
3
4
5
6
7
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: