super.kg logo

Көзүнө жаш алган Анжелика: "Айчүрөк эженин уулу Арген апасы үчүн кечирим сураган"

 

10:15. Бүгүн, 24-майда саат 10:00дө ырчы Анжелика менен түз эфирде маектешүү пландалган. Маекке Айчүрөк Иманалиева да чакырылган. Бирок ырчы айым бүгүнкү түз эфирге келүүдөн баш тартты.

Учурда SUPER.KG`нин алып баруучусу Таттыбүбү Садырбекова түз эфирдеги маегин баштады. Ал эми күтүлүп жаткан конок, ырчы Анжелика кечигүүдө.

10:20. Алып баруучу ырчыга көптөгөн суроолор келип жатканын айтууда. Суроолорду WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибере аласыз. Ошондой эле "Соңку кабар" аркылуу да ушул эле теманын ылдыйына комментарий калтырып, сизди кызыктырган суроолоруңузга жооп алсаңыздар болот.

10:25. Анжелика менен Дайыр Исмадияров аткарган "Кызыл гүлүм, ай" ыры жаӊырды.

10:30. Анжеликанын "Тилеп келем" ыры аткарылды. Ырчы түз эфирге дале келе элек.

10:32. Алып баруучу ырчы байланышка чыгып, күйөрмандарынан кечирим сураганын, 10-15 мүнөттө келип каларын билдиргенин айтты.

10:40. Анжелика келери менен түз эфир кайрадан башталат.

11:05. Ырчы SUPER.KG`нин кеӊсесине келди. Түз эфир башталды.

11:10. "Махабат көлү" ырына байланыштуу суроолорго жооп берүүдө.

"Бул ырды жолдошум жакшы көрүп, кыӊылдап ырдап жүрчү. Ырды жаздырардын алдында авторун издедим, көп адамдардан сураштырдым. Айчүрөк эженин ырдаганын уккан эмесмин. Көрсө, мен төрөлгөн кезде ырдап чыккан экен. Ал нерсени билбегеним үчүн кечирим сурайм.

Эже мага жаздырып берген ырлары үчүн бардык акчалар эсептелип, төлөнүп берилген", - дейт ырчы.

11:15. "Эже өзү кетирген эмгектерин акча менен эсептеп алганы үчүн, акча менен эсептешүүгө туура келип жатат. Душманга каалабаган нерселерди айтса да, мен Айчүрөк эжени жакшы көрөм", - дейт ырчы Анжелика.

Айчүрөк Иманалиевага болгон кол салуу боюнча суроого жооп узатып жатат.

11:17. "Менден башка деле душмандары бар. Бул боюнча күнөөлүү балдар кармалган. Алар кармалганда эже экөөбүз сүйлөшүп, "элдер экөөбүздү уруштурду, эмнеге бирөөлөргө ушундай болушуна жол бердик" деп бири-бирибизди кучактап алып ыйлаганбыз. Кийин мага да кол салуу болгон. Анын баары артта калды. Учурунда эже экөөбүз сүйлөшүп, чечишип алган элек".

11:20. "Каза болуп калган адамды, качып кеткен адамды бул ишке байланыштырыптыр. Алгач мен өспүрүм куракта улуу адам менен мени кандай максатта тааныштырды эле деген суроо берип көрсөк. Муктар байке адептүү, ыймандуу экен. Карындашымдын чыгармачылыгына жардам берем деп Айчүрөк эжеге жардам берип жүрчү. Мен билгенден эженин жакын досу болуп, Орусияга болгон гастролдорду каржылап, колдоо көрсөтүп турчу.

11:23. Анын мага болгон сүйүү сезимдерин, мамилесин да билчү эмесмин. Бул айтылган сөздөр боюнча Назми эже менен да сүйлөштүм. Назми эже: "Ооба, телефондо сүйлөшүп турганыӊды көрүп, Айчүрөк эже экөөбүз чоӊ адамдай сүйлөшүп жатат" дегенбиз дейт. Болгону ошол. Бул боюнча да кенен маалымат берилет".

11:25. "Мени турмушка бекем кылып, баарына чыдамкай болууга үйрөткөн Айчүрөк эже. Ал турмушта ар кандай кырдаалдар болушу мүмкүн экенин айтып, баарына даяр болууга үйрөткөн. Андыктан ага ыраазычылык билдирем.

Бирок кээде Айчүрөк эже мени товар катары колдонгонбу дейм".

Сүрөткө түшүү боюнча берилген суроого жооп:

11:30. "Жолдошума сүрөткө түшкөн такыр жакпайт, бирок мени жакшы көргөнү үчүн түшөт. Башында кечке эле сүрөткө түшө бересиӊби" деп жактырчу эмес. Кийинчерээк сүрөткө түшүү жакшы экенин, жагымдуу учурларды сактап каларын түшүнүп, акырын өзү байкатпай тарта баштады".

11:40. "Айчүрөк эжени сотко бересизби, кандай айыптоолорду коёсуз?" деген суроого жооп:

"Бул нерсени убакыт көрсөтөт. Мындай абал ар бир адамдын башына келиши мүмкүн. Андыктан мен ойлойм баарына мыйзам чегинде айткан нерсесине жооп бериши керек. Мен бала кезимден көптөгөн кыйынчылыкты башымдан өткөргөм. Андыктан түз эфирге келген себебим - болгон суроолорго ачык жооп берүү. Эжеге жаман сөз айтпайм, аны сыйлайм".

11:45. "Учурда Айжан Газиева экөөбүз жаштарды тарбиялап жатабыз. Алар ийгиликтүү болуп чыга келсе, аларга эч качан "мен өстүргөм, мен чыгаргам" деп айтпайм. Себеби бул нерсени өзүм башымдан өткөрүп жатам. Учурда бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп жатам, пландар көп".

Суроо кайра эле Айчүрөк Иманалиевага болгон кол салуу боюнча болду.

11:50. "Бир нерсени айтуудан мурда далил болушу керек. Мен кол салганым тууралуу далил барбы? Мен эженин ыраазычылыгы үчүн дайыма жардам берип келем. Мен турмушка чыкканда "сени өмүр бою бактым, эми сен мени бак" дегенде жолдошум жок дебей, болушунча колунан келген жардамын берип келе жатат.

Ырларын сатып алгандан сырткары, канчалаган дүкөн, сулуулук салонун ачканда эжени сый конок катары чакырдым. "Сиз үчүн эшигибиз ачык, бул сиздин салон" деп сыйладык. Болгон сыйыбызды көрсөтүп, кызмат көрсөтүп келебиз. Бул нерсени эже да, үй-бүлөсү да жакшы билет".

11:55. "Дайыма мени тынч койчу дей берет. Мен ал эжеге эч нерсе кылган жокмун. Кайра эле өзү асылып, баарын өзү баштайт.

Бир жолу уулу Арген сүйлөшкөн кызы менен кетип баратыптыр. Аны көрүп абдан кубандым, себеби экөөбүз бир туугандай бирге чоӊойгонбуз. Кучактап ыйлап, экөөбүз көпкө сүйлөшкөнбүз. Сүйлөшкөн кызыӊа үлпөт көйнөк менден деп ал үчүн кубангам. Арген ошондо апасы үчүн аябай кечирим сураган", - дейт ырчы көзүнө жаш ала.

Айчүрөк Иманалиеванын "Анжелика Швейцарияга "Камбаркан" оркестри менен Бакиев Адыл Салиевич жана анын Айбек деген оң колу менен чогуу кеткен" дегени тууралуу.

12:05. "Швейцарияга кандай барып келгенибиз тууралуу көпчүлүгү билет, күбөлөр да бар. Анда Айчүрөк эже жолдошума СМС жазган "Анжеликаны улуу кишилер менен жибере бересиӊби" деп. Жолдошум "Ооба, кандай адамдар менен бара жатканын билем. Барып келсин" деген жооп узаткан", - дейт ырчы.

12:15. "Кептин баары акчада эмес, сөздө эмес, адамдын жан дүйнөсүндө. Ар дайым чын сүйлөш керек. Чындыктын жолу бир. Аны башкача айта албайбыз. Ар бир адамдын жакшы жагын алып, жашоонун жакшы жагын байкоого аракет кылалы. Чындык сен тарапта болсо да, кечирим сурап койсоӊ, оозуӊ кыйшыйып калбайт. Андыктан кечиримдүү болуу зарыл. Ар бир жасалган жакшылыкты бирөө үчүн эмес, Кудай үчүн кылсак".


кошулду


Ырчы Анжелика: “Айчүрөк эжеден ырларымды 200 миң сомго сатып алгам”

Автор: Таттыбүбү Садырбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(234)
24.05.2017. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
06-12-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 12:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика,бул жоругунду эмне деп тушундуросун,сени канча Адам сыйлайбыз,сенин АК экенинди уккубуз келген,бул жон Гана тоготпостук болдуго
24.05.2017. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2281
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:04
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пландап койуш керек да эртен туз эфирге барам деп
24.05.2017. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
19-06-2017 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+6
Кытайда эмне иш кылыптыр кызык болуп атат.
24.05.2017. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 15:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге эмне эмне болсонор ошо болбойсунарбы.Экоо тен окшош экенда бири чонмун бири кичинемин дешпеди.!
24.05.2017. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2281
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Болобу же жокпу бир кабарын айтып койсонуздар бизди кутурбой
24.05.2017. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-10-2016
Соӊку аракети:
14-08-2018 10:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика инстаграммга жарым саат кечигип жатам дептир кана келгени 1 саат болду
24.05.2017. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
14-04-2013
Соӊку аракети:
31-08-2018 20:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика сурот киргизип чымчып суйлоп озу ырбатып алды
24.05.2017. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-09-2016
Соӊку аракети:
16-11-2018 14:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Исфана
0
Махабат колу кимдин репертуарындагы ыр эле негизи
24.05.2017. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-04-2017
Соӊку аракети:
15-08-2017 16:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Урааа келдиии
24.05.2017. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
29-09-2014
Соӊку аракети:
31-07-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы super.kg туз эфирге кантип кошулам маалымат берип коюнузчу рахмаат.
24.05.2017. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
08-11-2010
Соӊку аракети:
11-11-2018 00:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мен Айчурок Иманалиеваны колдойм керек болсо Айчурок эжени атту-баштуу инсандар колдоп жатат, Анжелика Айчуроктун денгээлине жетелек дешип уят, уят, уят .
24.05.2017. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
anya,мен Анжелика ны колдойм. Айчурок ажылдап жаман айтыптыр. Анжелика болсо канчалык ичи бышып атса да маданиятту алда канча Айчуроктон
Izdeim_seni. түзөттү 2017-05-24 11:49:18
24.05.2017. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
24-10-2017 23:53
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айчурок эженин кийин турмушка чыгып Урмат мырзанын колдоосу аркылуу шоу бизнесте журуп азыркы денгээлге жеттиниз(Анжелика деп оозго алындыныз,аябай жакшы ырдаган ырчыга айландыныз эмес),апаныздын кызым куйоо баламдан коп акча табат дегенине жол болсун
24.05.2017. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
28-08-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адамдын чыныгы жузу айткан созундо турбагандыгында. Элди,эфирди сыйлабагандыгы денгээли томондугундо.
24.05.2017. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-12-2016
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Келди го баштабайсынарбы
24.05.2017. 11:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-05-2015
Соӊку аракети:
15-06-2017 19:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шоубизнесте ар кандай аргалар менен таанымал болушуп, элдерге уят болуу жолу мененда пиар кылышып оздорун таанытышып келишет, эл оозунда дайым талкууга алынышат, ошон учун ШОУБИЗНЕС,ошол аркылуу акча табышат, уй-булоосун багышат. Анжелика менен Айчуроктун жасап жатканы деле ошол нерсе.
Super TV
24.05.2017. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
19-04-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 02:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ии ушунча куттуробу? Же туз эфирди атайын очуруп салдыбы, эфирден сырт суйлошобуз деп
24.05.2017. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
06-12-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 12:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана туз эфиииир
24.05.2017. 11:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
05-06-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ туз эфирди уланызчы
24.05.2017. 11:13 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8172
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Ananasky,kymaw, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу көрө аласыздар https://www.super.kg/media/stv/193681/
24.05.2017. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
17-02-2016
Соӊку аракети:
18-04-2018 09:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
туз эфир канакей эл журт
24.05.2017. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Рига
0
Азыр да кеч эмес,элдешип алгыла,акылдуулук кыл.
24.05.2017. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 21:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыз кечигебиз, мындай созду койуп суроонорду бергиле.
24.05.2017. 11:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
28-11-2016
Соӊку аракети:
09-09-2018 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика уялсан болот устат барибир устат кыргыз элимде жакшы соз бар Ичкен сууна тукурбо деп сен ошол Айчурок эженин артынан таанылдын негизи сенде ун деген такыр жок
24.05.2017. 11:24 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8172
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Ananasky, бул шилтеме аркылуу көрө аласыз https://www.super.kg/media/stv/193681/
Super TV
24.05.2017. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
28-11-2016
Соӊку аракети:
09-09-2018 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озунду пиар кылып журо берет екенсинда негизи сенде ун жок озундун жеке ишкерлиги менен еле алектенсен болот
Super TV
24.05.2017. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 15:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+6
Анжелика неге оз устатынызды сабатканс.?
24.05.2017. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
15-11-2013
Соӊку аракети:
15-11-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
kyrgyzstan Akchaby
+3
Салам Анжелика эмне учун Айчурок эже экоон батышбай жатасынар
24.05.2017. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
17-10-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 15:46
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анжелика чындыкты айтыш керек сен негедир жасалмадайсын үнүнда жок чын муну мойнуна ал Айчүрөк эже сени кандай камкордука алып чуркап сени адам кылды а сен ушунчалык денгээлин төмөн экенинди билдирип койдунго уят өтө уят!
24.05.2017. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
14-04-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 10:08
Жынысы:
Белгисиз
+12
Толук абийири ачыла турган болгондо Айчурок эжесин мактап калдыбы? Инстадан энеси экоо биригип айтышып атышпады беле
Super TV
24.05.2017. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
29-10-2018 21:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+5
Эрин урушпайбы Анжелика
1
2
3
4
5
6
7
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: