Сокулук районунда жергиликтүү тургунду мылтык менен колго, бутка аткан жаран кармалды

Сокулук районунда жергиликтүү тургунду мылтык менен колго, бутка аткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-майда Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда 19-май күнү эртең менен жергиликтүү тургун жайытта жүргөн жаранды ок атуучу курал менен колго жана бутка аткан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Б.Аны кармашкан. "Азыркы тапта "адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилди. Тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lakyas
2017-05-24 13:29:21
Ар кимдин озуно ыйман берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан