Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 24-майда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин кезектеги 42-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын терроризм жана эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгын жакшыртуу маселеси каралат.

"Күн тартибинде КМШ аркылуу мыйзамсыз мигранттардын транзиттик каналдарына тиешеси бар тараптар боюнча маалымат алышуу сапатын жогорулатуу жолдорун талкуууга алуу пландаштырылып, эл аралык террордук уюмдардын алкагында жарандарды Сирия жана Ирак өлкөлөрүнө жөнөтүү маршруттарын аныктап жана аларды кайтаруу жолдору каралат. Ошондой эле согушкерлердин ишмердүүлүгүн алдын алуу боюнча кошумча иш-чаралар иштелип чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, ушул жылдын июнь-июль айларындагы FIFA 2017-конфедерация кубогун өткөзүүнүн астында маанилүү коомдук саясий, спорттук жана башка эл аралык деңгээлдеги иш-чараларда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйбаларын алмашышат.

КМШнын терроризмге каршы борборунун башчысы жыйындын катышуучуларына, мамлекеттердин кызматташтык программасын ишке ашырууда 2014-2016-жылдардагы КМШ өлкөлөрүндөгү терроризм жана экстремизмдин зомбулук көрүнүштөрү, ошондой эле 2016-жылдагы борбордун ишинин жыйынтыктары тууралуу отчёт берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан