Кыргыз жаш режиссёрлору Түштүк Кореяда өтө турган эл аралык кинолагерге чакырылды

"Карек" кинофестивалынын жеӊүүчүлөрү, жаш режиссёрлор Батыркан Ильясов менен Тимур Исхаков Түштүк Кореяда өтө турган "BIKY" эл аралык кинофестивалына жолдомо алышты. Бул тууралуу "Карек" кинофестивалынын негиздөөчүсү Толкун Дайырбекова билдирди.

"Эл аралык кинолагерь ХII эл аралык "BIKY" кинофестивалынын алкагында уюшулуп жатат. Киномектеп 12-июлдан 18-июлга чейин Пусан шаарында өтөт. Англис тилинде өткөндүктөн азыр биздин окуучулар даярданып жатышат. Иш-чаранын алкагында жаш режиссёрлорго өз ишинин устаттары, профессионалдар менен кыска даректүү тасмаларды тартуу мүмкүнчүлүгү жаралат", - дейт Толкун Дайырбекова.

Белгилей кетсек, "Карек" балдар фестивалында Баатыр Ильязовдун "Кошуналар" тасмасы "Мыкты анимациялык тасма", Тимур Исхаковдун "Инсомния" тасмасы "Мыкты көркөм тасма" деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан