Таласта мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Таласта мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрель күнү милиция кызматкерлерине Талас районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 20-апрелге караган түнү белгисиз адам Чоң-Жерге-Тал жайытындагы атын уурдап кеткенин айткан.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 42 жаштагы Т.А. кармалды. Уурдалган ат ээсине кайтарылды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан