Ош-Бишкек унаа жолунун Суусамыр, Төө-Ашуу аймактарындагы аң-чөнөктөр июнь айында оңдолуп башталат
Ош-Бишкек унаа жолунун Суусамыр, Төө-Ашуу аймактарындагы аң-чөнөктөр июнь айында оңдолуп башталат. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда SUPER.KG порталына Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чүй облусунун Суусамыр, Төө-Ашуу унаа жолдорундагы аң-чөнөктөрүн жамоо иштери июнь айында башталат. Анткени жолдорду жамоодо аба ырайынын жылуулугу +5 градустан жогору болушу керек. 23-майда министрликтин адистери Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте аталган жолдордун абалын көрүп келишти. Учурда жаан жаап, жолду оңдоого мүмкүнчүлүк жок экенин айтышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Суусамыр, Төө-Ашуу унаа жолдору Транспорт жана жолдор министрлигинин карамагында турат. Аталган жолдун абалы начарлап кеткени туурасында жүргүнчүлөр жана айдоочулар социалдык тармактар аркылуу айтып келишкен.