Нидерланды өлкөсүндөгү PAL-V Liberty компаниясы учуучу унааларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында кабарланат.
Liberty Pioneer Edition үлгүсүндөгү учуучу унааны жасагандар, аны коопсуз деп, талабы жогору болгон кардарларды канааттандырчу инновациялык техника экенин айтышат.
"Патенттелген техникалардан жасалган PAL-V Liberty Pioneer Edition көлөмү боюнча кадимки унаадай эле. Андыктан ал күнүмдүк колдонулчу унаалардай ыңгайлуу гана болбостон, мобилдүү дагы. Унаа атайын айланма менен камсыздалып, абада учуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Дагы бир өзгөчөлүгү ал 3 дөңгөлөктүү", - деп жазылат маалыматта.
Бул унаанын ээси бир топ убакытты жол тыгындарда коротпой, аба мейкиндигинде эркин жүрө алат. Компания бул үлгүдөн сырткары Liberty Sport унаасын да чыгара баштаганы белгилүү болду. Учурда аны сатып алуучулар алдын ала сатып алуу келишимин түзүп жатышканы кабарланат.
Сатылуучу унаалардын саны чектелүү. Мисалы, Liberty Pioneer Edition унаасынан 90 даана гана чыгарылган, баасы 599 миң доллар (40,5 миллион сомдой), Liberty Sport 399 миң доллар (27 миллион сомдой).