Жарандык активисттер шайлоо жөнүндө мыйзамга толуктоо катары жазылган сунуштарды сынга алышты

Бүгүн, 25-майда саясий укуктук изилдөө борборунда "Шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушуна баа берүү" аталышында укук коргоочу, жарандык активисттердин катышуусунда талкуу болду.

Эске салсак, 17-майда парламентте депутаттар “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдошкон.

Иш-чарага катышкан “Жарандык платформа” фондунун директору Айнура Усупбекова жана саясий укуктук изилдөө борборунун өкүлү, укук коргоочу Динара Ошурахунова жогорудагы мыйзам долбоору тууралуу өз ойлорун айтышты.

Алар толуктоо катары сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө көз карандысыз байкоочулардын укугу чектөөгө алынып жатканын, партиялардын жана талапкердин күрөө катары коюлуучу жана үгүт иштерине коротулчу акчанын суммасын болуп көрбөгөндөй көбөйтүү сунушталып жатканын сынга алышты.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбоору 3-окуудан өтүп кетсе көз карандысыз байкоочулар шайлоо участогунда эркин баса албай, ошол жердеги процедуралардын баарын көзөмөлдөй албай калат. Мурда алар мыйзам бузууларды көрсө арыз жаза алышчу, бул сунуш өтүп кетсе арыз да жаза албай калышат, бул нерсе шайлоонун таза өтүүсүнөн күмөн жаратат. Андан сырткары учурдагы мыйзам боюнча президенттик шайлоого талапкерлердин күрөөсү 100 миң сом болсо, сунушталып жаткан мыйзамда 2 миллион сомго көтөрүү, шайлоо фонду мурда болжол менен 1 миллион сом болчу, аны 50 миллион сомго көтөрүү сунушталып жатыптыр, анча акчаны бир ай эле жүргүзүлө турган үгүт ишинде кантип коротот деген суроо жаратат”, - дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Андан сырткары талкууда күрөөгө коюлчу жана үгүт иштерине коротулчу акчанын суммасын көбөйтүү, шайлоону чыныгы талапкерлердин эмес, акчасы көп адамдардын, олигархтардын ортосундагы күрөшкө айлантары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан