ЭЛДИК КАБАР: "Ошто жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол менен дарыянын ортосунда тосмонун жоктугу кооптуу абалды жаратууда" дейт окурман

"Ош шаарындагы борбордук базардын жанынан Ак-Буура дарыясы агып өтөт. Жөө жүргүнчүлөр баса турган жолдо тосмонун жоктугу кооптуу абалды жаратууда. Бир тарабынан маршруттук таксилер катташат. Бул жерде мурун соода күркөсү бар эле. 2-3 айдан бери тосмосу жок турат. Эч ким сууга түшүп кетпейт деп кепилдик бере албайт. Тосмону орнотууга ким жооптуу?" - дейт 25-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан