Египетте копт христиандары бара жаткан эки автобуска кол салуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кырсык Египеттин Эль-Минья провинциясында болгон. Анда Каир-Асван жолунда бара жаткан эки автобусту белгисиз адамдар аткылап кетишкен. Автобустун ичинде копт христиандары болгон. Алар Самуил монастрынан кайтып келе жатышкан.
Алдын ала маалымат боюнча чабуулдан кеминде 35 адам каза болуп, 30дан ашык адам жабыркаган. Каза болгондордун көпчүлүгү жаш балдар экени айтылууда. Азыркы тапта кырсык болгон жер курчоого алынып, кол салууга шектелгендер изделүүдө.