ЖМК: "Криштиану Роналду салык төлөбөгөнү үчүн 8 миллион евро айып төлөп же 12 айга кесилиши мүмкүн"

Мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдуга 8 миллион евро айып салынып же 12 айга камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Еlespanol басылмасы жазып чыкты.

Салык органдарынын ою боюнча, Роналду имидждик укуктар боюнча 8 миллион еврого барабар салыкты 2011-2013-жылдары төлөбөй койгондугу тастыкталды. Азырынча салык инспекторлору арасында футболчуну бул иш боюнча кылмыш же административдик жазасына тартуу боюнча маселе чечиле элеги маалымдалат. Бул маселени Мадриддин экономикалык кылмыштар боюнча прокуратурасы чечет.

"Эгер алдамчылык далилденсе, футболчу 12 айга кесилет, болбосо ал 8 миллион евро төлөөгө мажбур болот", - деп жазылат маалыматта.

Иликтөө иштери Football Leaks басылмасына жарыяланган материалдардан кийин 2015-жылы башталган. Ал маалыматтарда Криштиану Роналду салык төлөөдөн качканы жазылган.

Эгер Роналду эркинен ажыратылса да, шарттуу түрдө камалары белгилүү болду. Себеби испаниялык мыйзамга ылайык, зомбулуксуз кылмыштар үчүн 2 жылга жетпеген мөөнөткө кесилсе, жазаны түрмөдө өтөшпөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Rozhulun
2017-05-26 20:10:17
1 жыл
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-26 20:23:35
Салык эле дей бересинерби
+1
maku88
2017-05-26 20:39:02
Мессини да ошентип камалып кетиши мункун деп атыты эле го
+1
jasgul
2017-05-26 20:39:40
Аселя (Кадырбекова ) болду эми Роналду менен кетпей эле кой э. Нурланга эч ким жетпейт
+14
Nukeww
2017-05-26 21:19:44
jasgul, "мага адамдын байлыгы роль ойнобойт. Адамгерчиликтуу,бой которбогон адам болсо,болду."деп койсо да ээ ))
+4
Gulum.menin
2017-05-26 22:19:44
ошончо бай болуп туруп салык төлөбөгөнү эмнеси.
-1
Seryi-Kardinal
2017-05-26 22:20:42
Баары бир камабаса 8 млн бербей эле койсун үйүндө жүрүп эле жазасын өтөп койот
+1
azabraza
2017-05-26 22:33:15
Гей болду эми нолог толободу ошондой адам болобу
-15
fanatkg
2017-05-26 23:18:51
Так эмес маалымат!
0
Beka.sss
2017-05-27 04:08:14
Рональдо жизнь камалбайт камалса фанаттары жарып кирет камаган корпусун андайспорт звездасы миллиярдер адам камалса оххооо
+2
Beka.sss
2017-05-27 04:09:08
Пайдасы коп тийген адам фудболго андан коро ак уйдон 100депутатты камагылачы бир жылга нормально шайлоо откозуп алалы
+2
Best.bakyt
2017-05-27 06:17:44
Beka.sss,Роналдону Кыргызстанда камап аткасып суйлопсун да. Роналдого сенин шайлоон менен 100 депутатындын кандай тиешеси бар?
-2
BakytAliev
2017-05-27 09:26:00
(Салык толоону унутуп калган окшойт го дейм)))
0
Leilektik
2017-05-27 09:42:40
Сирияга жардам бериптирго ронолда,Ошо салыкты сирияга берип жибергенби деймин шустири десе
0
Ak_Bulut
2017-05-27 14:57:47
Ал налогду эми билип эми тушунуп атса керек. Буларды менеджери бутурот да
0
Aidani
2017-05-27 22:10:13
Ии 8млн эч нерсе эмес болсо керек буга
0
Rasul94
2017-05-29 23:32:48
ненин салыгы озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан