Ысык-Көлдө экс-депутат Равшан Жээнбековго таандык коттедж өрттөнүп кетти. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын Ысык-Көл райондук администрациясынан билдиришти. Өрт 27-майдан 28-майга караган түнү чыккан. Маалыматка таянсак, коттедж Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын наамында болгон.
Жээнбеков өзү коттедждеги өрт кокустук эмес, атайын бирөөлөрдүн кылган иши деп шектенип жатканын билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя болгон жерге 2 өрт өчүрүүчү унаа барган. Коттеджден эмерек, буюм-тайымдар кошо күйүп кеткен.