Тунисте АКШнын элчилигине кол салган деп шектелген жаран 57 күн ачкачылык кармап, каза болду

Кечээ Тунисте Америка элчилигине кол салган деп шектелип жаткан жаран 57 күн ачкачылык кармап, каза болду. Маалым болгондой, ачкачылык кармаган 23 жаштагы Башир Голли оор абалында 13-ноябрь күнү ооруканага жеткирилип, 14-ноябрь күнү жүрөгү токтоп каза болгон. Башир Голли "Америка элчилигине кол салууда менин эч кандай тиешем жок" деген принципти карманып, ачкачылык жарыялаган. Эске салсак, ушул жылы 14-сентябрда "Айыпсыз мусулман" фильмине  каршы чыккан мусулмандар Америка элчилигине жана америкалык мектепке кол салышкан. Жыйынтыгында 4 адам каза болуп, ондой адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан