super.kg logo

Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында 143 даана дарак кыйыла баштады

 

Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө 143 даана даракты кыюу иштери жүрүүдө. Шаар тургундары дарактардын массалык кыйылып жатканына нааразычылык билдирип чыгышты.

SUPER.KG порталына Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов төмөнкүлөрдү билдирди.

"Ахунбаев көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин 143 даана дарак кыйылат. Негизи 270тей даана кыйылышы керек эле. Бул бактар бир топ жыл мурда плансыз ар кайсы жерге тигилип калган экен. Айрымдары арыктын ичине тигилип калган. Алардын тамырлары өскөн сайын жолду, тротуарларды талкалайт. Кыйылуучу дарактардын көпчүлүгү чирип, өзүн кармап турууга мүмкүн болбой калгандар. Кар оор жаап, шамал болсо кулап адам өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн", - деп билдирди Шарапов.

Маалыматка ылайык, буга чейин Токтоналиев көчөсү Түштүк магистралдан Кулатов көчөсүнө чейин 15 метр аралыкта кеңейтилмекчи. Аталган жолдун кеңдиги учурда 11 метрди түзөт. Жол куруудагы долбоордо 208 даана ийне жалбырактуу көчөт отургузуу каралган.

"Кыйылган бактардын орду кайрадан башка көчөттөрдү орнотуу менен толукталат. Айрым жашоочулар учурда 20-30дай болуп чогулуп нааразычылык билдирип жатышат. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Дарактарды кыйып, жолду кеңейтүү менен жашоочуларга эле ыңгайлуу шарт жаралып, жол тыгындары жоюлат. Көпчүлүк эл ушул нерсени түшүнбөй жатат", - деп кошумчалады акимдин орун басары.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.06.2017. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
507
Катталган:
14-07-2015
Соӊку аракети:
02-09-2019 17:48
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дарактардын баарын кыйып салсак,эмне менен дем алабыз?
02.06.2017. 12:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
25-06-2012
Соӊку аракети:
01-06-2018 10:05
Жынысы:
Белгисиз
+5
Пробка , пробка дейбиз. Дарактарды кыйып жолду кенейтсе эл нааразы болсо же болбосо уйуну сурдургонго нааразы болсо анан жолду асмандан салсынбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
131158;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: