"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Москвада сууга чөгүп каза болгон жигиттин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча элчилик жооп узатты

Москвада сууга чөгүп каза болгон 26 жашар Сүйүнтбек Субанкуловдун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча Кыргыздын Орусиядагы элчилиги SUPER.KG`ге жооп узатты.

"Биздин юрист каза болгон баланын классташы, агасы менен кошо барып, сөөктү арзан чыгарган жердин дарегин берген. Ошондой эле документ иштери боюнча жардам көрсөткөн. Калганын акчасын төлөп өздөрү алып кетиши керек", - деп билдирди элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова.

Ал эми өздүк булактын бүгүн, 4-июнда билдиргенине караганда, элчилик болгону кагаз иштерине гана жардам көрсөткөн. Бирок ошондо да алгылыктуу колдоо көрсөтпөгөнүн, жигиттин сөөгү дале өлүкканада экенин, дүйшөмбү күнү гана маселе чечилерин билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-июнда окурман "каза болгон жигитти мекенине жеткирүүгө элчилик жардам бербей жатат" деп нааразычылыгын WhatsApp аркылуу билдирген.
Ал эми 2-июнда аталган өлкөдөгү Кыргыз элчилиги маркумду мекенине жеткирип берүү иштерине көмөктөшүп жаткандыгын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Nendi15
2017-06-04 15:26:55
Мага справка керек тыйынын берем десенер жүздөрүнө кан жүгүрүп 180 градуска өзгөрөт. Келегой дешип. Э бетинер менен...
+15
CEO
2017-06-04 15:29:50
кыйналып, ар кандай жардамга муктаж болуп элчиликке кайрылышса элчилик жардам беруунун ордуна кайра орой жооп менен кууп чыгат.

Мына Оруссияда баш аягы 50-70 мин мекендешибиз айдоочу болуп нан таап жейт. 1-июндан тарта кучуно кирген мыйзам боюнча ошолордун баары учурда жумушсуз калды. Элчилик болсо эми гана "ойгонуп" Орус тарап менен суйлошуулор жургузуп жатыптыр. Бул маселени ушуга чейин чечип берсе болбойт беле?! Бажы союзунун "артыкчылыгы" ушулбу?! Мурдагыдай
+13
CEO
2017-06-04 15:34:52
Биз мигранттар Кыргыз Республикасынын Окмотунон Кыргыз Республикасынын Оруссиядагы элчилигин жоюну талап кылабыз!!! Бул жеке менин гана эмес, жуз миндеген мигрант мекендештерибиздин, Кыргыз Республикасынын толук кандуу жарандарынын талабы!!! Ушул кунго чейин Москва шаарындагы элчилик боюнча канча нааразычылык болсо да укмаксан-билмексен болуп келесинер! Бул жолу Супер гезити мигранттардын унун, талабын бийликке жеткируунорду суранабыз! Бизге мындай элчиликтин кереги жок!!
+14
Nendi15
2017-06-04 15:43:46
Булар эмне иш кылышып зынкыйган мекемеде отурушат,кыйратышып койгондой. Өз жарандарын колдоп,коргоп ала албаса булар кимдер? Же бир кыргыз үчүн кенедей жардамы тийбесе. Жөндөн жөн мамлекеттин буюджетин соруп жатышат.Ошол басма сөз катчысы Гулбарчын Байымбетова "ЭЛЧИ" деген сөздүн манызына жетер бекен же элчинер Болот Отунбаев түшүнөр бекен?
+9
Abubakir05
2017-06-04 16:03:23
Ушунча созду угуп оздору да уялышбайт экен да
+9
kushtari
2017-06-04 16:04:21
Пайдасы тийбеген ечилик емес биздики башынан сассыган зыпылдатып текшерип караш керекда ажообуз озу баш болуп онолот дегенден башкасын билбесе буларга кудай беретда текшерип алмаштырыш керек бул елчиликтегилерди супер маркетке дворник кылыш керек елчилик колунан келбесе??
+8
raykray
2017-06-04 16:57:30
Арзан жердин дарегин эле бериптир ошол эле экен жардамы?! Уят жооп бербейле койбойбу уят!!! Кызык эчкимиси жок болгон кыргыз болуп калса мусорго кете берет экенда э?! Кудай сактасын
+6
salimbek87.kg
2017-06-04 17:33:09
Жардамы жок болсо не кереги бар элчиликтин ,андан коро элчилик дебей эле кедейчилик деп жазып койсун сыртына .Акча берсен жон эле суйунушуп алат бербесен проблемасы коп деп койот бир документ керек болуп барсан андан коро жаап эле салгыла .
+6
Aiza9797
2017-06-04 19:14:49
Посольствого ишибиз тушпосун ылайым, бирде документ жоготуп кайрылсак , 5 минге жасап берген анысында подделка кылып жасаптыр акмак , биз пересадка болуп Кыргызстанга кеткенибиз учун Новосибирскийде ото кыйнаган , кыскасы булардын пайдасынан зыяны көп!!
+8
Aldyiar
2017-06-04 21:32:21
Москвада бир инибиз паспорттун жоготуп элчилике барса 6000 рубге жасатып беребиз деп айттышыптыр ким айттканын билбеймин. Кимде ким эмне кылыш жолдорун билсе жазып койгулачы сыраныч.
+2
Kroxa
2017-06-05 11:46:13
Aldyiar,утеря справка алып эле кетиши керек,ал жактан алган паспорт жасалма болуп калат,биометиркалык паспортту КРда бекер эле берип жатат...
0
BekAmir
2017-06-04 21:50:26
Элчиликтен умут кылбай эле койуш керек болуп калды.уят деген жок...
+2
Nendi15
2017-06-04 22:05:56
Кылычбек Султановдой эч ким иштей элек элчи болуп.
-5
Kroxa
2017-06-04 22:25:15
Бири да Элчиликке ыраазы эмес эодин талабын аткарбаса жаап салышса калп эле окмоттун акчасын ичип жеп мигранттардан акча ондуруп,анан офистерин арендага берип эле байып отурушат жатаканасын да платный гостиница кылып алышып бизнес озунчо эле...
+4
Ronaldo.99
2017-06-05 00:39:07
Уят эле арзан жердин дарегин бердик деп.Бети бет эмес бетон го.
+3
RespecT
2017-06-07 09:28:36
Посольствону жабыш керек ,9 жылдан бери москвадамын ,эч бир пайдасы тийбейт,акча берсен иштемиш болушат керсейишип ,соз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан