ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөн районундагы Мырзаке-Кара-Шоро жолундагы көчкү 1 айдан бери тазаланбай жатат"

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолундагы көчкү 1 айдан бери тазаланбай, элдер жолдон кыйынчылык менен өтүүдө. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдады.

"Мындан 1 ай мурун, 8-майда сайдын үстүнө көчкү түшүп, сууну эл өтчү жолго буруп таштаган. Суу ылай аралашып жолду бууп, элдер өткөндө коркунуч жаралууда. Мал-жандык сууга түшүп агып кетип жатат. Бийликке айтсак, "акча берсеңер 1 аптада тазалап беребиз" деп коюшту. Кара-Дөбө көмүр базасынын ишкерлери да ушул жол аркылуу иш кылгандыктан, алар тазалайлы десе, аларга да уруксат бербей коюшуптур", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jenish87
2017-06-06 13:38:27
Оңдоп тазалап коюшса канчалаган адамдардын сообуна калмак, каргышына эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан