Мушкер Дастан Шаршеев 27-июнь күнү Орус мушкери Антон Калинин менен реваншка чыгат. Ал “Tatneft Кубогу” мелдешинин алкагында Орусияда орун алат. Мелдештин уюштуруучуларынын билдирүүсүндө аталган беттеш чемпиондуктун жарым чейрек финалында орун алат. Бул беттешти Кыргыз спортчусу уткан күндө дагы, кийинки баскычка чыга албай турганы белгилүү болду.
“Аталган беттеш көрсөтмө катары гана уюштурулат. Анын жыйынтыгы бул мелдештин жалпы жыйынтыгына эч кандай таасир бербейт”, - деп белгилешти уюштуруучулар.
Ал эми спортчу бул тууралуу SUPER.KG порталына өз оюн билдирди.
“Башында уюштуруучулар башкача болот дешкен. Аягында ушундай болот деп чечип коюшту. Эми буга да мейли, чемпиондукту кийинки мелдештерде багынтууга аракет жасайм”.
Эске салсак, 22-апрелде Казанда өткөн мелдеште Шаршеев Калинин менен кез келип, калыстардын чечими менен утулуп калган. Бул чечимге нааразы болгон Дастан Шаршеев рингден кетүүдөн баш тартып, оюнду калыс эмес өттү деп баалаган.