09:05: Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 8-июнда депутат Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланат. Азыркы учурда сот имараты курчоого алынды. 30дай адам топтолуп турат.
09:15: Сот имаратына куралчан атайын багыттагы аскерлер киришти. Текебаевдин жактоочулары сот отурумун видеого тартуу боюнча сотко өтүнүч келтиришерин айтышты.
09:27. Топтолгондор сот имаратына киргизилип жатат. Сотко катышуучулардын тизмесинде Маевский бар деген сөздөр айтылды. Сот залына видео камера киргизилбей турганын айтып жатышат. Болгону диктофонго уруксат берилерин билдиришти.
09:35. Сот имаратына видеокамераларды киргизбей тосуп калышты.
09:38. "Ата Мекендин" юристи Канатбек Азиз сыртта кире албай калган журналисттерди киргиздирди. Тартип сакчылары процессти видеокамерага тартууга болбой турганын эскертишти.
09:40. Адвокаттар сот залындагы орундуктардын биринчи катарына журналисттер отурсун деп жатышат. Ал эми конвой кызматкерлери "биринчи катар биз үчүн" деп айтышты.
09:44. Айыпталуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында, темир тор ичинде отурушат. Сот Айбек Эрнис уулу сот залына келди, процессти фото жана видеого тартууга тыюу салынганын эскертти.
09:49. Адвокат Чынара Жакупбекова сотко кайрылып "сот ачык өтсүн, фото жана видеого тартууга уруксат берилсин. Буга тыюу салуу мыйзамга каршы келет" деди.
09:56. Өмүрбек Текебаев: "Атамбаев сотко да, Башкы прокуратурага да түздөн-түз тапшырма берип, жасалма кылмыш ишин козготуп, өзүнүн саясий оппоненттерин саясий аренадан алууга аракет кылып жатат. Мен соттун ачык болушун талап кылам, элге түз көрсөтүлсүн. Чечимди судья чыгарат, бирок элдин ою маанилүү. Сиз 10 жолу соттолсун деп чечим чыгарсаӊыз да, эл ишенбесе күчү болбойт. Убагы келет, Исмаил Исаков, Феликс Куловдун иши сыяктуу иш жокко чыгарылат. Атамбаевдин күбөлөрү жалган күбөлөр, ошондуктан коркуп жатат. Ал койгон айыптарды далилдер менен жокко чыгарууга биз даярбыз", - деди.
10:00. Текебаев сотко кайрылып, сотту жабык өткөрүү чечимин өзгөртүүнү суранды.
10:02. "Президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берип жатып 10 күбө бар экенин айткан. Өлкө башчы Текебаевдин соту ачык болот, элдин баары көрө алат деген", - деди Текебаевдин адвокаты.
10:05. Текебаевдин адвокаттары арыз жазган Леонид Маевский катышкан сот жыйынында гана видеокамерага тартууга тыюу салынып, калган учурда ачык кылууну өтүнүп жатышат. Маевскийдин коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын токтом бар экенин, калган күбөлөр боюнча андай токтом жок экенин белгилешти. Башкы прокуратура сотту жабык өткөрүү боюнча коомчулукту жана сотту адашууга түртүп жатканын айтышты.
10:14. Өмүрбек Текебаев сот жыйынын жок дегенде 1 видеокамерага тартууга уруксат берүүнү өтүндү. "Кийинки соттук отурумдар, тарых үчүн процесс тартылышы керек", - деди айыпталуучу. Сот өтүнүчтү канааттандырган жок.
10:15. Текебаевдин адвокаттары эгерде сот жыйынын журналисттердин видеокамерасына тартууга тыюу салынса, анда сот залына орнотулган видеокамераларды да өчүрүүнү талап кылышты. "Булар дагы видео деп эсептелет, Сот департаментинин борбордук сервери аркылуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көрө алат. Тыюу салынса, таптакыр тыюу салынсын", - дешти.
10:29. Жактоочулар Чотонов менен Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну сурашты. Прокурор каршы болду. Сот кеңешүүчү бөлмөгө кетти. Кыска мөөнөткө тыныгуу берилди.
11:20. Сот Айбек Эрнис уулу айыпталуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү, аларды үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок.
11:27. Адвокаттар соттун токтому менен таанышуу үчүн жана кассациялык даттанууну даярдоо үчүн убакыт сурашты. Сот буга 2 саат бере аларын айтты.
11:28. Өмүрбек Текебаев сотко: "Мени абдан таӊ калтырып жатасыз. Айыпталуучуларга Конституция кепилдик берет. Айыптоочу тарапта кандай укуктар болсо, айыпталуучу тарапта да ошондой укуктар бар. Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жүйө жок деп адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган жоксуз. Ошол жүйө табууга убакыт каралат. 10 күн суралып жатат, бул аралыкта биз кийинки инстанцияга кайрылабызбы-жокпу чечебиз. Бүгүн эми 1-2 саат деп адамдын укуктарын чектебеӊиз", - деди.
11:41. Адвокат Чынара Жакупбекова сотко: "Биз сизден коркуп калдык. Сиз дайыма прокурорлор эмне дешсе, ошону аткарып жатасыз. Бизди да угуп коюӊуз", - деди.
11:45. Депутат Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму бүгүн саат 14:00дө уланат.
11:50. "Ата Мекендин" юристи Канатбек Азиз сот айыпталуучулардын кассациялык арыз даярдоосуна кенен убакыт бербей коюшун сындады. "Мыйзамга ылайык, айыпталуучу тараптын доо арызы кийинки инстанцияда каралып жатканда райондук сот ишти карабашы керек эле. Сот карай беребиз деп жатат, балким, кимдир бирөөнүн буйругун аткарып жатат", - деди юрист.
12:10. Сот имаратынын алдына топтолгондор "Текебаев менен Чотоновго боштондук!" деп кыйкырып жатышат.
14:25. Айыпталуучу Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты келе электигине байланыштуу сот жыйыны саат 15:00дө улана турганы айтылды. Тыныгуу улантылат.
15:55. Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кассациялык даттануу менен шаардык сотко кайрылды. Буга байланыштуу Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук процесс белгисиз мөөнөткө токтотулду.