“Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына иштей ала турган жетекчи алып келиш керек”, - деп билдирди 8-июнда парламент жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов.
Депутат Кыргыз мамлекетине 4 айдан бери Кытайдан тооктун эти келбей жатканын эскертти. “Өкмөт 2016-жылы аткарган иши боюнча отчёт берип жатканда ушул боюнча суроо бердим эле. Инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов ЕАЭБге киргенге байланыштуу Кытайдан тооктун эти келбей калганын жана бул маселени карап чыгарын айткан. Отчёт бергенден бери 45 күн өттү, бирок жылыш жок. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да бул маселени көзөмөлгө ала турганын айткан. Эгерде бул боюнча иштер аткарылбаган болсо инспекцияга иштей турган, ишкерлерге бут тоспогон жетекчи алып келүү керек”, - деди депутат.