Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин алдында митинг өттү. Алардын арасында депутат Өмүрбек Текебаевдин, экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары болду.
Катышуучулар өлкөнүн күч органдарынын мекемелеринде кыйноолорду болтурбоо, оппозиция өкүлдөрүнө жана журналисттерге карата куугунтукту токтотуу талаптарын айтышты. Уюштуруучулардын бири, жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттереш өлкөнүн жетекчилерине аталган талаптарды жеткириши зарыл. Митингге чогулгандар талаптары жазылган кагазды БУУнун кеңсесине тапшырышты.
Айта кетсек, эртең 11-июнда БУУнун башкы катчысы Бишкекке келет. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан соң Ош шаарына 2010-жылдагы Июнь окуясына арналган иш-чарага катышууга бармакчы.