super.kg logo
  Саясат  

Талас. «Турмуштун азабы» драмасы коюлду

 
  24-октябрда Кара-Буура райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Назарбек Боронбаевдин “Турмуштун азабы” аттуу 3 көшөгөлүү, 2 сүрөттүү драмасы Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында коюлду. Драманын өзөгүн аракечтик, мектеп рэкетчилиги, адам сатуу маселелери түзөт. Башкы ролдорду “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээлери Ж.Нурматов, Б.Алыбаева, Т.Турдумамбетова, Г.Байсейитова жана башкалар жогорку чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабууларына ээ болушту. Аталган драма буга чейин коңшулаш Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылына да коюлган.  


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: