SUPER.KG порталынын ЭЛДИК ВИДЕО бөлүмүнө "Сиз көзү ачыктарга ишенесизби? Интернет жылдызы Айжан Асемова ишенет" деген аталыштагы видео жүктөлдү. (ник: gul-jana2) Видеонун жанры тамаша.
Анда Кыргыз интернет жылдызы Айжан Асемованы казакстандык "Алма-Ата, штат Небраска" пранкерлер тобу тамашага салышкан. Аталган топ ар түрдүү тамашалары менен Казакстанда ошондой эле Кыргызда да популярдуулукка ээ.
Бул "тамаша торду" уюштуруу үчүн аталган топ абдан көп күч жумшап, катышуучу курамга Асемованын курбуларын да тарткан. Тамашага аралашкандардын арасынан ырчы Айымжан Айылчиеваны да көрүүгө болот. Бул эмне болгон тамаша? Айжан Асемова көзү ачыкка барып алып эмне себептен ыйлады? Видеону көрүү үчүн шилтеме менен ЭЛДИК ВИДЕО бөлүмүнө өтүңүз.
Маалымат үчүн: Айжан Асемова Кыргыздагы баракчасына эң көп жазылуучуларды топтой алган интернет жылдызы. Анын учурдагы катталуучуларынын саны 600 миңден ашат.