Сириянын түндүгүндөгү Ракка шаарына болгон авиасоккуда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлүшү мүмкүн болууда. Бул маалыматты Daily Mail басылмасы бүгүн, 11-июнда жазып чыкты.
Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлгөндүгүн алгач Сириянын мамлекеттик телеканалы маалымдаган. Бирок согушкерлердин официалдуу басылмасы Amaq бул маалыматты тастыктай элек.
Бул аль-Багдадинин өлтүрүлүшү тууралуу алгачкы маалымат эмес. Буга чейин дагы аталган террордук уюмдун башчысынын өлтүрүлүшү тууралуу бир нече жолу маалымат тарап, бирок жалган болуп чыккан.
Маалымат үчүн: Абу Бакр аль-Багдадинин чыныгы ысымы Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри. 2014-жылдын июль айында ал "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы катары коомчулукка таанылган. Анда аль-Багдади Ирактын Мосул шаарында "Ислам мамлекети" террордук уюму тарабынан басып алынган мечитте сүйлөп, Жакынкы Чыгышта "ислам халифаты" түзүлөрүн жарыялаган.
"Ислам мамлекети" террордук уюмуна АКШ, Канада, Улуу Британия, Түркия, Египет, Австралия, Тажикстан, БАЭ, Индия, Индонезия, Израиль, Орусия жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.