Алмазбек Атамбаев БУУнун Бишкектеги өкүлүн "Даӊк" медалы менен сыйлады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 15-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз жериндеги туруктуу өкүлү Александр Аванесовду "Даӊк" медалы менен сыйлады. Президент уюмдун өкүлүн Кыргыздагы миссиясынын бүтүшүнө байланыштуу кабыл алып, БУУ менен Кыргыздын кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн медаль тапшырган.

Атамбаевдин пикиринде, Аванесов өлкөдө жемиштүү иштеди. Жолугушууда тараптар коррупция менен күрөшүү, сот, шайлоо, укук коргоо системиндеги реформаларды талкуулашканын президенттик аппарат маалымдады.

Аванесов уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү дайыма президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосун сезип келгенин айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан