Парламентте Бабановдун фракциялаштары БШКнын жетекчилигин отставкага кетирүүнү сунушташты

Парламентте “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигин кызматтан кетирүү керектигин айтты. Бул тууралуу депутат 15-июнда парламенттин жыйынында билдирди. Ал эртең менен БШКнын төрайымы жана анын орун басарларын чакырып маалымат угууну сунуштаган.

Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова алар чакырылганын айтты, бирок учурда БШКнын төрайымы маалымат жыйын өткөрүп жатканын кошумчалады. Мирлан Жээнчороев БШКнын жетекчиси Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган орган экенин эскертти. “Бизди сыйлабаса, маалымат беришпесе, аларды кызматтан кетирүү керек”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан