Жогорку Кеңеш митингчилердин жерди трансформациялоо маселесин тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөттү

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңеш турак жай салынып калган сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоорун тийиштүү комитетке жөнөттү. Комитетке кайтаруу сунушун КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков жана "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев сунушташты. Буга 56 депутат "макул", 3 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди.

Өкмөт мекемелер аралык комиссиянын тизмесинде 2009-жылдан кийинки салынган үйлөр кирип калганын айткан. Трансформациялоого сунушталган жерлердин саны Өкмөттө жана комиссияда эки башка болгону үчүн маалыматты тактоо үчүн өкмөткө тапшырма берилип, мыйзам долбоору комитеттин жыйынына жөнөтүлдү.

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кийинки жумада карай турган болду.

Эске салсак, буга чейин мыйзам долбоору 1-окууда жактырылган. Бүгүн аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште каралуусун талап кылган "Трансформация" элдик кыймылынын мүчөлөрү митингге чыгышкан. Мындан улам депутаттар күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан