Мындан 28 жыл мурун, 1989-жылы 17-июнда Германиянын Берлин шаарында Ил-62 учагы кырсыкка учурап, 21 киши набыт болгон. Учак Берлин-Москва каттамын аткарып жаткан. Анын бортунда 10 экипаж мүчөсү жана 103 жүргүнчү болгон. Ил-62 экипаждын катасынан улам катуу ылдамдык менен келип токтой албай, учуп-конуучу тилкеден чыгып кетип, күйүп, жүгөрү талаасына сүрүлүп барып токтогон. Натыйжада ичиндеги 21 киши, жердеги бир адам каза болгон.
17-июнга карата жылнаама.