Тайбэйдин Тайчунг шаарында жыйынтыкталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз балбандары жалпы 10 медаль жеңишти. Мелдештин акыркы күнү 66 килограмм салмакта килемге чыккан Мансур Сыргак уулу 3-орун үчүн беттеште жеңүүчү аталып, коло медаль тагынды.
96 килограмм салмакка чейинки категорияда күрөшкөн Кантөрө Талантбек уулу 3 атаандашын удаасы менен жеңип, финалга чыга алган. Анда ирандык атаандашына жеңилип, күмүш байгеге арзыды.
Бул жеңиштер менен Кыргыз балбандары аталган мелдеште жалпы уткан медалдардын санын 10го жеткирди. Анын экөө алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль.