Улуу Британиянын Лондон шаарынын тургуну Барби куурчагына окшошуу үчүн пластикалык операция жасатууга 25 миӊ доллардан ашуун акча коротту. Бул тууралуу 19-июнда "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
46 жаштагы Рейчел Эванс (Rachel Evans) 11 жыл аралыгында көптөгөн хирургиялык процедураларды башынан өткөргөн. Куурчакка окшошуу үчүн ал бет түзүлүшүн өзгөртүп, төшүн чоӊойтуп жана ринопластика (мурундун формасын өзгөртүү) жасаткан.
"Мен Барбини аябай жакшы көрөм, андыктан өзүмдү куурчак менен бир бүтүн адамдай сезем", - деп билдирген Рейчел. Ошондой эле ал Барбинин сүйүктүүсү Кенга окшогон жигитти издеп жатканын айткан.
Учурда ал "My Barbie Body" ("Менин денем Барбиникиндей") реалити-шоуго катышууда. Көрсөтүү 25-июнда экранга чыгат.