Жактоочулардын кылмыш ишинин материалдарын немис тилине которуу өтүнүчү канааттандырылып, Алмамбет Шыкмаматовдун соту 27-июнга жылдырылды

Бүгүн, 20-июнь күнү Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Шыкмаматов менен бирге Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, "Барат Люкс" ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Шыкмаматов Жогорку Соттун маалымат катчысы соттук отурумга катышып жатканына нааразы болду. "Анда президенттик администрациянын адамдарынан же УКМКнын адамдарын да киргизип алалы. Бул жерде мамлекеттен айлык алып жаткан Жогорку Соттун кызматкеринин отурушу туура эмес. Ал иш убактысында жумуш ордунда отурушу керек. Бул жерде саясий мотив бар, ал саясий процесске катышып жатат. Мунун өзү бул саясий процесс экенин далилдеп жатпайбы?" - деди.

Али Юкселдин жактоочусу айыптоо тергөө процессинин жыйынтыктарын немис тилине которуп берүү өтүнүчүн келтирди. Буга айыпталуучунун жактоочусу тергөө иштери менен толук таанышып чыгууга убакыт берилбегенин себеп кылды. Сот тараптардын пикирин угуп, кеңешме залына кирип кетти. Соттук отурумда жарым сааттык тыныгуу жарыяланды.

Сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, кийинки отурум 27-июнга жылдырылды. Ага чейин Али Юксел үчүн документтер немис тилине которулуп берилет.

Эске сала кетсек, бул иш боюнча отурум 15-июнда болуп анда “Барат Люкс” компаниясынын директору, Германиянын жараны ишкер Али Юкселди орус тилинен немис тилине которууга котормочу менен камсыздоо өтүнүчү келтирилип, сот жылдырылган болчу.

Депутат "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. 24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. 27-февралда, 3-мартта да суракта болгон.


кошулду
Сот Шыкмаматовдун ишин немисче которууну чечти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан