Бүгүн, 21-июнда бир нече мүнөттөрдөн соӊ ырчы Айпери Кубик кызынын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ырчынын чыгармачылыгына кызыккан окурмандар суроолорун узатып, жооп алса болот.
Суроолорду +996 557 75 63 63 WhatsApp аркылуу жиберсеӊиздер болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.
Колдонуучулардын арасынан кызыктуу суроо берген окурмандар үчүн атайын белектер бар. Арасынан кызыктуусун түз эфирдин каарманы тандап алмакчы.
15:00. Ырчы Айпери Кубик кызынын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы окурмандардын суроолоруна жооп берүүдө.
15:10. Ырчы "Эмнеге мынча бой көтөрүп жүрөсүң?" деген суроого "мени жакшы билген адамдар жөнөкөйсүң дешет. Сиз мени жакшы билбейт экенсиз, болгону мени жаман көрөт окшойсуз" деп жооп берди.
15:15. Ырчынын стили боюнча берилген суроого: "Мен өзгөрүп турганды жакшы көрөм. Ай сайын чачымды ар түрдүү кыркып, бирде шок кыз, бирде вампир болом", - дейт. Ал эми азыркы коштурган чачына 15 миң сом коротконун айтты.
15:25. Ырчы жеке жашоосу, жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнү тууралуу суроолорго жооп берди.
15:35. Ырчы окурмандын суранычы менен түз эфирде апасына телефон чалып, ыраазычылыгын билдирмей болду. Бирок телефондун чалуусуна апасы жооп берген жок. Учурда ырчынын "Шок кыз" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.
15:45. "Күйөөңө орой мамиле кылгандай туюласың" деген суроого "жолдошума жароокер, сый мамиле жасагам" деп жооп узатты. Ал эми Айпери кийинүү стили жөнүндө "социалдык тармактардагы сүрөттөрүмдү карап көрүңүз, ачык-чачык кийинген сүрөтүм жок. Болгону бир жолу ачык көйнөк кие коюп, канча сөзгө калдым" дейт.
15:55. "Балаң атасы менен жолугуп турабы?" деген суроого "Нарулан баласы менен жолукпайт. Мен жолугушуусуна каршы эмесмин, болгону өзү келбейт" дейт.
16:05. Ырчы түз эфирдин алып баруучулары даярдаган логикалык суроолорго жооп берди. Майын ит жеп кеткен чоӊ энени туурап берди.
16:10. Андан соӊ хит болгон "Papito" ырына бийлеп берди.
16:25. Ырчы күйөрмандын суроолоруна жооп берүүдө.
Кезектеги "жолдошуң менен ажырашканыңдын себеби эмнеде?" деген суроого "бул жашоо, андыктан буга ачык жооп бере албайм" деди.
16:40. Көрөрмандын "Сизге куудул болгон жарашат, бул кесипти аркалап көрбөйсүзбү" деген сунушуна "тамашалап сүйлөгөн жагат, балким, келечекте бул тармактан өзүмдү сынап көрөм" деп жооп берди.
16:50. Ырчы көрөрман жиберген жаңылмачты кайталап айтууга аракет кылып көрдү.
16:52. "Депрессиядан кантип чыгуу керек?" деген суроого "Бир гана спорт жана айланаӊызды сизди жакшы көргөн адамдар менен курчап алыӊыз" деген жооп узатты.
17:00. Эфир соӊуна чыкты.
Айпери Кубик кызы кийинүү стили жөнүндө: "Социалдык тармактарда ачык-чачык кийинген бир да сүрөтүм жок. Болгону бир жолу ачык көйнөк кие коюп, талкууга кабылдым"