iPhone 10 жашта. Ал эки кишинин бирин-бири жек көрүүсүнөн улам чыккан

Бул жылы эң биринчи чыккан iPhone'го 10 жыл толду. Буга байланыштуу "Apple" корпорациясы бул смартфондун жаралып калуу тарыхын ачыкка чыгарууда.

Эң алгачкы iPhone "Apple" корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобсдун "Майкрасофттогу" кызматкерлердин бирин жактырбагандыгынан пайда болгон. Стив Жобс iPhone'ду азыркы көрүнүшүнөн такыр башкача кылып чыгарууну пландап жүргөн. Анын планында ал Android-смартфонуна окшош болмок.

iPhone жана iPad'дын түзүүчүлөрүнүн бири Скотт Форсталл iPhone'дун чыгышына Стив Жобс менен Майкрасофттун кызматкеринин катуу араздашуусу таасир эткенин корпорация кызматкерлерине айтып берген. Форсталлдын айтымында, ал кызматкер менен Жобс такыр тил табыша алчу эмес. Экөөнүн жубайлары жакын курбулардан болгону үчүн гана сүйлөшүшчү.

"Анткени менен экөөнүн мамилеси кадимки душмандардай эле. Бул кызматкер менен болгон ар бир маектен кийин Жобс ачуулуу жүрчү. Өзгөчө бул кызматкердин "Майкрасофттун" планшеттерине ойлонуп табылган стилустар (калемдер) кенен колдонулары жөнүндө көп айткандыгы жаккан эмес. Анткени Жобс адамдын өзүнүн 10 манжасы бар экенин, анын баары стилустун кызматын аткара ала турганын, он биринчиси ашыкча болот деген оюн билдирчү. Мындан улам Жобс кол тийгенде эле реакция берген планшеттерди ойлоп чыгарган. Кийин мага бул планшеттин көлөмүн смартфондун көлөмүнө теңеп кичирейтүүнү сунуштаган. Мага бул сунуш, албетте, жаккан. Ошентип ошол кызматкердин стилусту мактай берүүсүн токтотууну көздөп биринчи iPhone чыгарылган", - деп билдирген Форсталл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
CEO
2017-06-22 18:32:18
Ошол Майкрософтун кызматкери ким экен, Билл Гейтс болбосо керек. Билл Гейтс болгон кундо да, Стив Жобс да, Билл Гейтс да тарыхта калуучу адамдар...
+1
jumatone
2017-06-22 20:00:25
Ошондо биринчи сенсор айфондо чыкканбы тушунбодум
-1
izdeim.seni
2017-06-22 23:51:33
Эн сонун
Кээде атаандаштарың бара экени да кубанычтуу! Себеби сен аларды көрүп андан да жакшы болууга умтуласың!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан