СУПЕРСТАН: "Атырыңдын аты кандай?" деп балдар гана эмес, кыздар да сурап калышат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ах-хх, эркек балдардын атыры" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эркектерге да атыр тандаш абдан оор. Ал адамдын табитин жакшы билбесең андан да кыйын. Мен жолдошумдун колдонгон DKNY, BVLGARI (карасы), Salvatore Ferragamo атырларынын баарысын өзүм тандап берем. Азыр ушул үчөөнү алмаштырып колдонуп жүрөт. Балама Guerlain, BVLGARI (жашылы) сыяктуу жумшак жыттар жагат".

"Менде бир атыр бар эле. Сыртында MEN деп жазылып турат, бирок башка аты жок экен. Аябай жакчу, ошондой таппай жүрөм".

"Эң сонун жыт - бул анын жоктугу" деген экен бир аалым. Анын сыңарындай эркектердин табигый эле жыты жакшы го. Болгону тамеки, тер жыттынбай дайыма "свежий" жыттанып турса, ошол эң сонун. Мага көбүнчө жумшак, анан деңиз жыттары жагат. Кээ бирөөлөр бар, жыты жакшыбы, жаманбы, карабай эле буркуратып алышат. Жанында араң жүрөсүң".

"Келинчегим "атыр сеппей эле коюңузчу, өзүңүздүн жытыңыз эле жакшы" деп айтып калат. "Менин жытым кандай" десем, "сонун" дейт".

"7-класстан баштап кызга жагуунун аракетин кылып жасанып, таранып калган учур. Айылда кайдагы атыр, апам шаарга бара жатканда "атыр ала келиңиз" десем үч атыр ала келиптир. Ошол күндөн баштап мен "звезда" болуп калдым. Конокко барганда балдардын баарына буркуратып сээп берер элем, ал кезде жытына деле маани бербептирбиз. Азыр элестетсем, ал жытты азыркы кыздар жактырбай эле ууланып, жүрөктөрү айланып, 100 метр жакындаба дешсе керек. Шаарга келип студент болгондон бери Adidas'тын атырларын колдончумун. Бир жыл мурун бир группалашым 23-февралда Oriflame S8 белек кылган, ошол күндөн бери ушул атырды колдонуп келем".

"Эң жакшы көргөн атырлардын бири Ultraviolet Paco Rabanne, бир эле сээп койсоң бир жума жыты кетпей жүрө берет. Анан "атырыңдын аты кандай?" деп балдар гана эмес, кыздар да сураган учурлар көп кездешет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Hadyja
2017-06-23 18:02:08
Аялзаты катары сезонго жараша атыр колдоном.Жайында Lacoste.
Францияда торолгонумдо парфюмер болмокмун
0
Gema
2017-06-23 19:11:45
Оордугуна карабай эч тажабайм La Vie Est Belle Lancome эн сонун.Idylle Guerlain.Intense Cafe Montale .
0
pixduel1
2017-06-23 22:11:46
Мен учун дайым тандоо оорго турат, кирип парфюмдарды жыттап башым ооруп кетет)) бирок эмнегедир мырзаларга арналган Lacoste нин жашылы жагат)) кыздардан сурап кетет элем ото назик сонун жыттанган парфюмдарды жаза кеткиле))
0
Zaina
2017-06-23 22:43:36
Дольче Габанна, анан Парижде сатып алгам, Divine деген. Дольче белекке келген, абдан кымбат. Аны иногда колдоном. Жакында Victoria secrets духисин сатып алдым, арзаныраак экен
0
Das151193
2017-06-24 00:34:48
"шоколад" жыттанган мужской духи алсанар любой кызды илесинер. Себеби кыздар шоколадка жакын болот. Эми элестететкиле шоколад жыттанып турасынар ))))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан