Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 20 жаштагы айдоочу Германиядан келген 3 туристти сүзүп алды. Бул тууралуу Нарын облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Оторов SUPER.KG'ге билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, кырсыктаган 3 туристтин бири окуя болгон жерден каза тапкан.
"Окуя кечээ, 25-июнда түшкү саат 12:40 чамасында болгон. 20 жаштагы Ауди 80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол жээгинде жөө кетип бара жаткан 3 адамды сүзүп алган. Алар Германиянын жарандары, туристтер болуп чыкты. Тилекке каршы, 33 жаштагы Л.Хесе аттуу аял окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми 26 жана 28 жаштагы эки эркек киши райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкан. Туристтерден тышкары унаанын айдоочусу да жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Унаада айдоочудан башка 17 жашар бала да болгон. Анын айтымы боюнча айдоочу экөө унаасын жуудуруп келебиз деп Кара-Тоо айылынан Кочкорго сапар тартышкан. Жолдон унаанын дөңгөлөгүн шагыл тартып кетип, рулду башкара алышпай жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алышкан", - деп билдирди Оторов.
Учурда унаа айып жайга токтотулган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат деп кошумчалады. Алардын абалы турукташа электигине байланыштуу Бишкектеги ооруканага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат.