Samsung Galaxy Note 8 үлгүсүндөгү смартфондун чыгарына аз гана убакыт калгандыктан, интернет ааламында ал тууралуу көптөгөн маалыматтар жайгаштырылууда. Айрым басылмалардын компаниядагы булактары анын дисплейи, чыга турган күнү жана болжолдуу баасы тууралуу жаңы маалыматтарды беришкен.
Ага ылайык, Samsung компаниясынын эң кымбат, рамкасыз смартфону буга чейин айтылган күндөн бир ай кечиктирилип чыгат. Сүрөттөрдө Note 8'дин маңдайкы капталында манжалардын изинин сканери жок экенин көрүүгө болот. Аны кайрадан арткы капталына жайгаштырышкан өңдүү. 6,3 дюймдук AMOLED-дисплейине ээ болгон смартфон сатыкка сентябрь айынын 2-бөлүгүндө чыгары маалым болгон. Ошондой эле ал Exynos 8895 же Qualcomm Snapdragon 835 процессору, 6 гигабайт оперативдүү эс тутуму, саатына 3300 микроампер көлөмүндөгү аккумулятору, 12 мегапикселдик горизонталдык кош камера менен камсыздалган.
Ал Берлинде өтө турган IFA 2017 көргөзмөсүндө көрсөтүлүшү мүмкүн. Samsung өнөктөштөрүнө Galaxy Note 8 смартфонун 999 еврого баалап жатышканын кабарлашкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал кара, көк, алтын түстөрдө чыгарылат.