Саясат таануучу Рита Карасартова президенттик жарышка катышат

Саясат таануучу Рита Карасартова быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкерлигин коёт. Бул тууралуу Карасартова өзү 27-июнда SUPER.KG порталына билдирди.

Азыркы тапта Борбордук шайлоо комиссиясында документ тапшырып жатканын айткан саясат таануучу президенттик жарышка түшүү планы боюнча буларды айтты:

"Азыркы талапкерлерди карап бир нерсеге көзүм жетти. Эч кимиси өлкөнүн чыныгы көйгөйү - бийлик бутактарынын теӊ салмактуулугун камсыздай турганын айтпай жатышат. Айткандан коркушат. Демек, бийликке келишсе азыркыдай эле бир кишинин бийлиги үстөмдүк кылары талашсыз. Ошондуктан жарышка түшүүнү чечтим. Саясий элита жаӊыланууга муктаж, эл эски саясатчылардан тажап бүттү".

Белгилей кетсек, президенттик жарышка катышарын билдирип БШКга буга чейин 4 адам документ тапшырган. Алар: Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов, Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаев. Карасартова бешинчиси болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан