Үпөл Анаркулова: "Депутат Жылдыз Мусабекова менден эл алдында кечирим сураса, аны кечирүүгө даярмын"

КСДПдан депутат Жылдыз Мусабекова менден жана жакындарымдан эл алдында ачык түрдө кечирим сураса, аны кечирүүгө даярмын. Мындай оюн журналист бүгүн, 28-июнда SUPER.KG порталына билдирди.

"Биздин телефондогу сүйлөшүү жарыялангандан кийин анын жакындары ага байланышып, менин тааныш агаларым да мага байланышып, ортого түшүп элдештирүүнү сунуштап жүрүштү. Өзүм орозо кармап, бул айда кеткен катачылыктарды кечиришүү туура деп ойлогом. Бирок ал тараптан эч кандай байланыш болгон жок", - деди Анаркулова.

Ошондой эле ал жеке жашоосундагы жаңылыгы менен бөлүшө кетти.

"Бир жума болду, турмушка чыгып Жалал-Абаддын Аксы районундамын. Келиндик кызматта болгондуктан телефон чалууларга, социалдык тармактардагы каттарга жооп берүүгө убакыт аз болуп жатат", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Revolyutsiya2
2017-06-28 11:51:41
Качан Мусабекованын 10 баласы келип зордуктап кетээр экен деп журокзаада болуп кутуп отубай, турмушка чыгып жакшы кылыптыр. Эми коргоп алаар куйоосу бар, тоодой жолок болуп...
+27
nurbekasr
2017-06-28 11:59:10
Бактылуу болгула,бала чакалу болгула Үпөл карындашым.Аа тиги Жылдыз деген неме бети чиркөө болуп уялып жүрөт да уятсыз.Биз сен мененбиз Үпөл.
+17
Izdeim_seni.
2017-06-28 12:01:26
Упол,бактылуу бол. Мусабеовага да кудай бардыр
+25
bonbonita
2017-06-28 12:19:29
аксынын кайсыл жерине келин болду экен
-3
Makain
2017-06-28 12:39:22
Эмнеге кечирим сурамак эле сен жазган макалан учун биринчи кечирим сура
-16
Adiletto
2017-06-28 13:38:33
Makain, кака, кокаин
мусабекова деген неменин неси болосун?
+9
barakcha
2017-06-28 14:54:53
Ушул бойдон унутулуп кетээрине козун жетип жок дегенде кечирим сурасын деген экенсин да?Кххх....)))
0
erkeleim
2017-06-28 14:59:53
Сурот орттогон байкуш 4 жылга соттолуп чупурок деген бир байкуш да камалып кеттиле 10 эркеке салып берем деп оозго алгыс ыпылас создорду айткан жылдызга закон иштебейт бекен э бул олкодо адилетттуулук жок оозу арам жеп ичкен чондун заманы болдуго
+11
gulsara2682
2017-06-28 15:41:14
Бактылуу бол! Мусабековага болсо мин наалат. Жок дегенде кечирим сурап койсо болмок. Аял деген да сиздей болобу? Тообо.
+6
pixduel1
2017-06-28 15:43:46
Мусабекованы эл унутпай дайым ушул теманы козгоп жазамын алдырыш керек! Тиги сурот орттоп камалып кеткен пдамды чыгарууну талап кылыш керек! Канчалаган жеп жутарлар журотко жон эле! Кыргыздын оз оюн суйлоого акысы бар!Урматту супер инфо гезитинин жамааты ошолордун ал абалын да жазып тургула. А то уруп согуп кун бербей жаткандыр!
+3
admin_superstan
2017-06-28 16:33:53
pixduel1, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан