Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Кечээ, 27-июндан баштап соттук отурумга негизги күбө катары келген адамдар сурак бере башташкан. Кечээ суроолорго жооп берип баштаган Алексей Модин көрсөтмөсүн аягына чыкпай калган. Бүгүнкү соттук отурум анын көрсөтмө берүүсү менен уланды. Андан соң Руслан Оңолбеков жана экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов күбө катары сурак беришти.
Текебаевдин жактоочуларынын бири Канат Азиз бүгүнкү соттук отурум тууралуу оюн төмөнкүчө билдирет: "Бүгүнкү соттук жыйында үч күбө суралды. Үчөө тең Текебаевдин миллион доллар алганын тастыктай алышкан жок. Алексей Модин көрсөтмөсүндө кечээкилерине караганда бүгүн адаштыбы же толуктадыбы билбейм, көп нерсени жаңылып айтып атты. 300 миңди кимге бергенин билбейм деди.
Ал эми Руслан Оңолбеков Талант Маматкеримовду Текебаев менен бир жолу да жолугушканын айтып бере алган жок. Модинди болсо Текебаевге акча берип "Мегакомго" директор болом деген деп айткан сөзүн Модин "менин андай жетекчи болуу оюмда жок болчу" деп тескери айтты. Абдырахманов болсо Маевский менен Текебаевди 2011-жылы январь, февраль айларында "Ак Үйдөгү" иш бөлмөдөн көргөм деди. Текебаевдин "сиз ал убакыттарда Америкада болчусуз да" деген сөзүнө "Билбейм мүмкүн декабрь болсо керек, иши кылса силерди көргөм" деп жатат.
Кыскасы бүгүнкү үч күбө тең Текебаевге коюлуп жаткан айыптарды тастыктай турган жүйөлөрдү келтире алган жок", - деди жактоочу.
Соттук отурум эртең саат 09:30да кайрадан уланмакчы.