ЖЫЛНААМА, 28-ИЮНЬ: 125 жыл мурун кыргыз элинин элдик оозеки чыгармаларын жыйноого салым кошкон фольклорчу, педагог Каюм Мифтаков төрөлгөн

Мындан 125 жыл мурун, 1892-жылы 28-июнда кыргыз элинин элдик оозеки чыгармаларын жыйноого чоң салымын кошкон белгилүү фольклорчу жана педагог Каюм Мифтаков Башкортостан Республикасынын Салават районунда жарык дүйнөгө келген. Башталгыч билимди Башкыр жергесиндеги диний мектептен алган.

Ал 1911-1919-жылдарда Кустанай, Семей, Торгой, Жети-Суу өрөөндөрүндө иштеп жүргөн мезгилинде оозеки мурастардын маанисин терең түшүнүп башкыр, татар, казак элдеринин оозеки чыгармачылыгын жыйнап, бир топ тажрыйба топтогон. Ошондой эле кыргыз фольклорун жыйноо, аны изилдөө жана аларды мазмуну, тематикасы жана жанрдык өзгөчөлүктөрү боюнча бир тартипке келтирүү иштерин жасап көп эмгектенген. 1920-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин ал Кыргыздын бардык айыл-кыштактарын кыдырып чыгып, жүздөгөн оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн жыйнаган.
Каюм Мифтаков 1920-жылы Таластын Грозный аймагында мектептин директору болуп иштеп турганда ошол аймактагы акын-жомокчулардан ар түрдүү ырларды, Манастын күмбөзү тууралуу маалыматтарды кагаз бетине түшүргөн. 1921-жылы өзүнүн демилгеси менен кыргыз элинин оозеки чыгармаларын жыйноо боюнча ийримдерди уюштуруп, "Манас" эпосунун варианттарынан тартып макал-лакап, ар түрдүү ырларды, элдик поэмаларды, калк башынан кечирген тарыхый окуяларды баяндаган санжыра сөздөргө чейин калк арасынан кагазга түшүргөн. Ал гана эмес кыргыз оозеки сөз өнөрүн ырааттуу түрдө белгилүү бир илимий инструкциянын негизинде жыйноо, иреттөө жана жарыялоо ишинин башталышы да анын ысымы менен байланыштуу. Биринчилерден болуп кыргыз фольклорун жанрдык жактан классификациялоону колго алган.
Каюм Мифтаковдун өмүрү менен иш-аракетинин кыргыз фольклористикасындагы өтө маанилүү учурунун бири - Нарын аймагына оозеки чыгармаларды жыйноо экспедициясын уюштуруп, манасчы Сагымбай Орозбаковдон "Манас" эпосун жазып алуу ишинин башталышы болуп саналат. Ат-Башы, Орто-Сырт, Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда, Тогуз-Торо, Кочкор өрөөндөрүндөгү айыл-кыштактарда болуп, Сагымбай Орозбак уулу, Тоголок Молдо, Мусулманкул уулу Молдобасан сыяктуу кыргыз элине кеңири белгилүү манасчы-акындардын чыгармаларын жыйнаган. 1947-жылы Ош жергесинен Алай, Ноокат, Гүлчө райондорунан санат, макал, ар түрдүү ырларды, поэмаларды жана “Эр Кошой”, “Манас”, “Семетей” эпосторунун айрым эпизоддорун жазып алган.
Каюм Мифтаков 1949-жылы 5-октябрда каза болгон.

28-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан