Талас. Бакай-Атада мектептер арасында "Биз болбосок, анда ким?" аскердик таймашы болуп өттү

Бакай-Ата айылында “Биз болбосок, анда ким?” аттуу кабылан аскердик таймашы болуп өттү. Республика боюнча экинчи ирет өткөрүлүп жаткан бул саамалык КРнын Жаштар эмгек жана иш менен камсыз болуу министрлигинин Талас облусундагы өкүлчүлүгү, Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү бөлүмү жана аталган райондук аскер комиссариаты тарабынан уюштурулган. Мындай иш-чарага №2029-чек ара аскер бөлүмүнүн жоокерлери чакырылып, окуучуларга атайын коргонуу тапшырмаларын көрсөтүп беришти. Иш-чараны уюштурган калыстар тобунун чечими менен 3-орунду Сатыбеков, Акчалов орто мектептери, 2-орунду Кең-Арал айылындагы Арстанов орто мектеби жана 1-орунду Бакай-Ата районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектептер утуп алышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан