О! мобилдик оператору – Интернет жана ТВ дүйнөсүнө ишенимдүү коштогуч!

О! мобилдик оператору бүгүнкү күнү интернетте өз ишиңизди ашыкча өткөргүчтөрсүз уюштуруу же бүткүл үй-бүлө үчүн кино же мультфильм көрүү менен убакытты жагымдуу өткөрүү үчүн тандоого дароо бир нече вариантты сунуш кылат. «Кардардын О!й-пикири» рубрикасында биз сиздер менен О! мобилдик операторунун абоненттеринин жашоосундагы учурлар менен бөлүшөбүз.

Эрмек, фрилансер-дизайнер: «Мен интернетте иштейм, күнүгө эртең менен эрте туруп, кызуу маалда шаардын тигил башына жумушка баруунун зарылдыгы жок болгону менен, ноутбуксуз жана онлайнга чыгуусуз болбойт. Меники 4G WiFi Wingle, аны заряддоонун кереги жок – ноутбукка же каалаган USB-портко киргизип койсом болду, иштей берет. Жумуш боюнча жолукканда тапшырыкчыга да Wi-Fi тарата алам, бардык эле кеңселерде жана контораларда өткөргүчтөрсүз интернет боло бербейт, ал эми менин жанымда дайыма интернет болот».

Камила, үй кожейкеси: «Бүт үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө кеттик. Жолдон балдар бир аз чырлап башташты, анан ошол жерден иним планшеттен МУЛЬТ каналды күйгүздү. Баланын бүт көңүлү сүйүктүү мультфильмин көрүүгө бурулуп алаксып калды. Дагы жакшы жаныбызга О!дон роутер алып алганбыз жана O!TV кызматынын жардамы аркылуу мобилдик телеберүү көрдүк. Интернет бардык машинага жетти. Мен кечинде даамдуу бир нерсе жасаш үчүн «Биринчи каналдан» «Смак» да кошуп көрүп калдым».

Арсен, жүк унаасынын айдоочусу: «Меники арзан интернет-тариф + плюс телефонго кепилдик, аны O!Store'дон сатып алгам, буга кошумча бүткүл өлкө боюнча 4G. Интернет керек болсо тоо ашууларында, деңиз деңгээлиндеги 3500 метр бийиктиктеги Мөнгүш же Токтогул районундагы 4125 метр бийиктиктеги Котормо тоосунун чокусу болбосун, бардык жерде кармайт».

Жыйынтык катары – О! мобилдик операторунун зымсыз 4G-түзүлүштөрү үйдө да, жолдо да интернетке дароо бир нече түзүлүштү кошуу үчүн ишенимдүү жана жарашыктуу чечимди камсыз кылат. Тандоого фирмалык 4G же 3G O!Phone, 4G WiFi Wingle же роутерлер жеткиликтүү, аларды О! мобилдик операторунун ири филиалдар тармагынан сатып алсаңыздар болот, же болбосо үйгө акысыз жеткирип берүүчү shop.o.kg`ден 0705 007 000 номери боюнча (О!нун абоненттери үчүн чалуу акысыз) тапшырык кылыңыздар.

О! мобилдик операторунан 4G түзүлүштөр – интернет үйдө, жолдо, жумушта!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
beka666
2017-06-30 22:28:11
Мактаганынар эле кучту жер нормально интернет жок
0
beka666
2017-06-30 22:30:23
Бишкек жана Ош шаарларында интернет жакшы башка шаарларга жана айылдарга да жакшыртып берсенер сонун болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан