Бүгүн, 30-июнда Орусиянын Москва шаарында катуу жаан, мөндүр жаап, күчтүү шамал болгонун окурмандар SUPER.KG`ге WhatsApp аркылуу кабарлашууда.
"Москвада мөндүр аралаш жамгыр катуу жаады" деп билдирсе, башкалары "жарым кылымдан бери боло элек жамгыр жаашы мүмкүн деп эскертүү берип жатышат" деген билдирүүлөрдү окурмандар калтырышууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, учурда катуу жаандын жаашы токтогон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.