Октябрь райондук соту "президенттин кадыр-баркына шек келтирген" деп айыпталгандарды жалпы 21 миллион сомго жыкты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирген деп "Заноза" сайтын жана журналист Нарын Айыпты күнөөлүү деп таап, ар бири 3 миллиондон 6 миллион сомго чейин президенттин эсебине моралдык зыян катары төлөп берсин деген чечимин чыгарды.

Доого жыгылган журналист Нарын Айып муну менен макул эмес."Мына бүгүн сот мага коюлган айып боюнча үчүнчү ишти карап чечим чыгарды. Мага жана кесиптешиме, ошондой эле "Про медиага" салынган айыптар жалпы 21 миллион сомду түздү. Алдыда Башкы прокуратура жазган дагы 2 доо арыз турат. Мурда кимдир бирөөгө ушундай доолор коюлса, сот кыскартып же сумманы азайтып чечим чыгарчу. Биздин иш боюнча доо арызда кандай көрсөтүлсө ошондой, үтүр, чекитине чейин өзгөртүлбөгөн чечим чыкты. Менин макаламдын бир да жеринде Атамбаевдин аты аталган эмес. Бирок президенттин намысына шек жаратты деп эле соттоп коюшту", - деди Нарын Айып.

Кошумчалай кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деген доо арыздын үчөө каралып, Атамбаевдин пайдасына чечилди. Алдыда дагы Башкы прокуратура сотко берген эки доо арыз бар.

"Занозаны" сот Башкы прокуратуранын арызы менен доого жыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
al-abu-kinesz
2017-07-03 12:32:29
Илгери каракчылар да оз элин тоногон эмес
+8
Jarookerjan
2017-07-03 13:49:24
Президенттин аброю 21 миллионго бааланыптыр аябай эле абройлуу адам экен корсо.Карапайым калк арасында кадыр баркы аз болгону менен,акчасына,мансабына карап чечим чыгарган,адилеттикти,чындыкты четке койгон соттор учун ото кадырлуу адам турбайбы.
+5
gitaris93
2017-07-03 14:01:30
Шайлоого жетпей АШАны ХХХ бул кетиште кыргызстанды сатып элин тоноп анан кетет.
+3
admin_superstan
2017-07-03 16:38:38
gitaris93, провокациядан алыс болуңуз. Эскертүү!
-2
marselkalmurzaevkg
2017-07-03 14:18:15
Сотторда Атамбаевдин жетимдерида.Сдпкнын депуттарына дагы деле болсо кылмыш ишин козгой элек Мусабекованыда 20 милионго жыксын анда ал дагы кыргыз кызынын обройуна шек келтирген
+7
aselushka
2017-07-03 14:27:44
Кемчиликтин коп болгону жакшы турбайбы миллиондорду алып келет экен
+1
marselkalmurzaevkg
2017-07-03 14:49:52
Атамбаев ушунтип жанагы самелет кулагандагы расходдорун ушунтип чыгарып алат экенда ошондо бул 21 милион мамлекетке тушобу же ондуруп бердик деп Ашанын чонтогуно салышабы
+2
mir777
2017-07-03 15:08:48
ушул макаланы кайдан тапсак болот?
+1
kychan.98
2017-07-03 15:35:06
АША 21миллион эмес 21сомго да татыктуу эмес
+2
nazgul1905
2017-07-03 18:35:47
Кыргызымдын тагдырын кимге салып бергенбиз тооба!!! Уятын жоготкон каракчы да катылбаса керек эле оз элине?!
+2
bakulya2015
2017-07-03 22:21:06
Тооба кылдым. Элге жан тарткан бирда,саясатчылар жок эле. Депуттар болсо деле жардамдашып уят деп койсо болотко.
+2
daak9191
2017-07-03 23:55:48
Эми ошол акчаны кайрымдулука жумшап койсун анда
0
Dila
2017-07-04 14:26:06
мамлекетте жазанын болгону да жакшы. журналисттер да ото эле далилсиз, пайдасыз жазууларды жазып. п
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан