super.kg logo

ТЕСТ: Түрк сериалдарынын фанатысызбы?

 

Соңку учурда түрк сериалдарына арбалган көрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Бирде ыйлатып, бирде күлдүрүп, кай биринин жүрөгүн ооруткан түрк сериалдарын канчалык деңгээлде жакшы билесиз?

Дүйнөгө белгилүү түрк сериалдары тууралуу даярдалган төмөнкү тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кыргыз тилине гана которулган түрк сериалы...

"Жашоо сүртүмдөрүн" кыргыз тилине которгон "Дөөлөт" котормо студиясынын башкы редактору Орозбек Мусакеевдин айтуусунда, бул телесериал Түркия элчилиги тарабынан кыргыз тилине которууга сунушталган. Башка тилдерге которулган эмес.

Кийинки суроо


"Даңазалуу доор"
"Эзел"
"Жашоо сүртүмдөрү"

Бул сериалда эки бир туугандын оор мамилелерин экөөнүн Жемре аттуу кызга болгон сүйүүсү ого бетер татаалдаштырат...

"Күзей Гүней" сериалында мүнөздөрү бири-бирине карама-каршы келген эки бир тууган Жемре аттуу кызды сүйүп калышат. Экөө анын айынан душман болгонго чейин барышат.

Кийинки суроо


“Халил жана Менекше"
“Күзей Гүней”
“Жанан”

Дүйнө жүзүнө атагы таш жарган эң алгачкы түрк сериалы кайсы?

Дүйнөлүк адабияттын классикасына айланган сүйүү жөнүндө эң белгилүү "Боз торгой" романы 1922-жылы жазылган. Чыгарма түрк жазуучусу Решат Нури Гюнтекиндин калемине таандык. 1986-жылы аталган романдын негизинде телесериал тартылган.

Кийинки суроо


"Даңазалуу доор"
"Боз торгой"
"Түбөлүктүү сүйүү"

Түркиянын 8-президенти Тургут Өзалдын ууланышы тууралуу маалымат камтылган сериал?

4 бөлүмдөн турган "Карышкырлар өрөөнү" сериалында Мосулдагы кол салууда Түркиянын 8-президенти Тургут Өзалдын ууланышына байланыштуу маалыматтар камтылган.

Кийинки суроо


"Карышкырлар өрөөнү"
"Күнөөсүз күнөөлүү"
"Сүйүү жана жаза"

Чындык үчүн күрөшкөн Махир Кара кайсы сериалдын баш каарманы?

Ар дайым адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн, жеңилүүнү билбеген Махир Кара "Карадайы" сериалынын башкы каарманы.

Кийинки суроо


"Бакыт баасы"
"Карадайы"
"Күзгү жалбырактар"

Дүйнөгө белгилүү кондитер болууну самаган Аслынын жашоосу ушул сериалда баяндалат...

"Кулпунай жыты" сериалынын баш каарманы Аслы кичинесинен атагы алыска тараган белгилүү кондитер болууну самаган.

Кийинки суроо


"Аси"
"Бир сүйүүнүн баяны"
"Кулпунай жыты"

Интернетте эң көп талкууга алынып, көпчүлүктү ыйлатып, түрдүү мэм, видеолорду жараткан түрк сериалы...

"Түбөлүктүү сүйүү" сериалы баш каарман Кемалдын өлүмү менен аяктайт. Мындан улам көпчүлүк көрүүчүлөр "аза күтүшүп", интернетте #Кемальөлдү деген хэштег менен жүктөлгөн бир топ мэмдер, видеолор пайда болгон.

Кийинки суроо


"Күзгү жалбырактар"
"Түбөлүктүү сүйүү"
"Даңазалуу доор"

Камкор ата Али-Риза бектин өлүмү менен аяктаган түрк сериалы...

"Күзгү жалбырактар" сериалы 5 баланын камкор атасы Али-Риза бектин өлүмү менен аяктап, көрүүчүлөрдүн маанайын түшүргөн.

Кийинки суроо


"Күзгү жалбырактар"
"Бир сүйүүнүн баяны"
"Алия"

2010-жылы кайсы сериалдын баш каарманы эң популярдуу актриса деп табылган?

2010-жылы Түркияда 33 миллион адам катышкан сурамжылоодо эң популярдуу, таланттуу жана сулуу актриса деп "Аси" сериалынын каарманы Хатиша Туба Бүйүкүстүн табылган.

Кийинки суроо


"Аси" сериалындагы актриса Хатиша Туба Бүйүкүстүн
"Сүйүү жана жаза" сериалындагы актриса Нүргүл Ешилчай
"Асман менен жердин ортосунда" сериалындагы актриса Бирче Акалай

Атактуулугу арткан бул сериалдын аталышынан интернетте кайсы оюн пайда болгон?

2012-жылы чыккан "Карадайы" сериалынан соң баш каарман Махир Каранын образына суктангандар көбөйүп, арадан жыл айланбай "Карадайы" аттуу интернет оюну пайда болгон.

Кийинки суроо


"Түбөлүктүү сүйүү" сериалынан улам "Кемаль" оюну
"Карадайы" сериалынан улам "Карадайы" оюну
"Даңазалуу доор" сериалынан улам "Сулейман Султан" оюну

Бул сериалдагы актёрлор бир кийилген кийимдерди кайталап кийишкен эмес деп айтылат...

"Кулпунай жыты" сериалынын жаратуучулары жаштардын табитине басым жасап, анда бир кийген кийимдерди кайталап кийгизишпегени айтылат.

Кийинки суроо


"Кулпунай жыты"
"Аси"
"Кара периште"

... сериалды тартуу үчүн эски замандын үйлөрүн чагылдыруу керек болуп, заманбап үйлөрдүн сыртын кырып, ылай менен кайра шыбашкан...

"Барксыз өткөн өмүр" сериалы 1967-жылдагы окуяны баяндагандыктан заманбап үйлөр жана автоунаалар тартылган эмес.

Кийинки суроо


"Миӊ бир түн"
"Асман менен жердин ортосунда"
"Барксыз өткөн өмүр"

Сергек жашоого үндөгөн бул сериалда тамеки чеккен бир да адамды кездештирүүгө болбойт.

"Кулпунай жыты" сериалы жаштарды сергек жашоого үндөп, ичимдик ичкен, тамеки чеккен эпизоддорду тарткан эмес.

Кийинки суроо


"Кулпунай жыты"
"Бодрумдагы жомок"
"Кээде жашоо керемет"

Түрктүн белгилүү актёру Халит Эргенч кайсы сериалда чыныгы сүйүүсүн жолуктуруп, экинчи ирет нике жаӊырткан?

Халит Эргенч "Миң бир түн" сериалындагы өнөктөшү Бергүзар Корел менен баш кошкон.

Кийинки суроо


"Даңазалуу доор" сериалындагы Мерьем Узерли
"Алгачкы сүйүү" сериалындагы Берен Саат
"Миң бир түн" сериалындагы Бергүзар Корел

Белгилүү "Боз торгой" сериалына жаңы өмүр берген актриса?

1986-жылы жарык көргөн "Боз торгой" сериалынын уландысы 2014-жылы тартылып, анда баш каарман Фериденин жаңы образын Фахрие Эвжен аткарган.

Кийинки суроо


Неслихан Атагүл
Фахрие Эвжен
Бергүзар Корел

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
04.07.2017. 11:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
08-11-2016
Соӊку аракети:
05-04-2018 07:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Г.Ош
0
Ноль экем көрбөгөнүмүн себеби болсо керек
04.07.2017. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2263
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
26-09-2018 11:26
Жынысы:
Белгисиз
0
40 бал
04.07.2017. 11:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-03-2017
Соӊку аракети:
26-09-2018 11:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Бишкек
0
74 упай болду жакшы эле билет экем деп калдым))))
04.07.2017. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
18-08-2017 11:47
Жынысы:
Белгисиз
0
67 балл
04.07.2017. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+2
Ушул тестен коро кыргыздын тарыхын чагылдырган тестерди кобуроок чыгарсанар болмок урматтуу админ.
04.07.2017. 12:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 10:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
ady-88, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
04.07.2017. 11:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Урдум ушу турк сериалын.
04.07.2017. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
25-06-2016
Соӊку аракети:
02-09-2018 14:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интуиция 74 экен.
04.07.2017. 13:00 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
26-10-2016
Соӊку аракети:
02-02-2018 17:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЖЕРДЕ........
0
Өзүбүздүн кинолор адабияттар жөнүндө тест бербейсиңерби каякты түрк пүрктөрдү жарыялабай.Ал кинолордон эмне пайда бизге
04.07.2017. 15:15 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 10:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
ACAH-AKA., саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
04.07.2017. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
26-09-2018 09:56
Жынысы:
Белгисиз
0
100
04.07.2017. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-02-2017
Соӊку аракети:
16-07-2017 15:51
Жынысы:
Белгисиз
0
27
04.07.2017. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
26-09-2018 08:57
Жынысы:
Белгисиз
0
54
04.07.2017. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
28-01-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 06:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер инфо
0
34упай дейт
04.07.2017. 18:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
17-08-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 12:09
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай
04.07.2017. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
26-09-2018 09:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында менин аллергиям чыгат ушул төшү жүн баскан турк менен кызтеке корейлердин сериялын укканда кана Кыргыз элим Манасты сериял кылып тартса
04.07.2017. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
26-09-2018 09:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казахстанда корейдин сериялын Казахча Назар деп которуп койуптур аны элдин баары кечинде корот экен ошол кезде кобунун малы уурдалыптыр уурулар жөн кетпей сенин көзүн назарда малын болсо базарда деп жазып кетет экен мына турк менен корейдин сериялынын пайдасы
04.07.2017. 22:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
05-01-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 08:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алыс,алыс жактарда...
0
94 балл.
04.07.2017. 22:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
80 балл
05.07.2017. 01:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
07-06-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Койчу ай ушул турк сериалдарды негизи эле жалпы сериалдарды
06.08.2017. 15:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
26-04-2014
Соӊку аракети:
26-06-2018 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
67
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: